Көрүлдү: 0
2025-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жумушчу кесиптеринин үчүнчү улуттук «WorldSkills Kyrgyzstan» чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов быйыл кесиптик лицейлердин окуучулары бир катар эл аралык мелдештерге катышып, жогорку жетишкендиктерди көрсөткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Тайбэй шаарында өткөн WorldSkills Asia Taipei 2025 эл аралык чемпионатында «Ширетүү технологиясы» компетенциясы боюнча №28 кыргыз-орус кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү Мавланбек Исманов Кыргызстанды татыктуу деңгээлде таанытып, «Best of Nation» наамын алган. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын WorldSkills курама командасы алдыда Кытай Эл Республикасында өтө турган WorldSkills Shanghai 2026 эл аралык чемпионатына катыша турганын маалымдады. «Эл аралык кесиптик компетенциялык сынактарга катышуу бүгүнкү күндө кадрларды даярдоонун заманбап стандарттарын киргизүүгө, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаштар арасында жумушчу кесиптерге болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт», — деди Альберт Махметкулов. Мындан сырткары министрдин орун басары "WorldSkills Кыргызстан" коомдук фондуна, аталган кыймылды колдоп, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн, мелдештерди уюштурган жана эл аралык аянтчаларга катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө «WorldSkills» коомдук фондунун техникалык директору Максат Мамытов «WorldSkills Kyrgyzstan уюмунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары — негизги жетишкендиктер, эл аралык катышуулар, компетенциялардын жана өнөктөштүктүн өнүгүүсү» темасында презентация жасады. Андан сырткары, Тайбей шаарында өткөн «WorldSkills Asia 2025», Актау шаарындагы «TurkicSkills 2025», Абу-Дабидеги «EmiratesSkills 2025» чемпионаттарынын катышуучуларына, окутуучуларына жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.
СОСТОЯЛАСЬ ЦЕРЕМОНИЯ ОТКРЫТИЯ III ЧЕМПИОНАТА РАБОЧИХ ПРОФЕССИЙ «WORLDSKILLS KYRGYZSTAN»
24 декабря 2025 года в Бишкеке состоялась торжественная церемония открытия третьего национального чемпионата рабочих профессий «WorldSkills Kyrgyzstan».
На открытии с речью выступил заместитель министра просвещения Кыргызской Республики Альберт Махметкулов. Он отметил, что в этом году учащиеся профессиональных лицеев приняли участие в ряде международных соревнований и продемонстрировали высокие достижения.
Также он подчеркнул, что на международном чемпионате WorldSkills Asia Taipei 2025 в Тайбэе выпускник кыргызско-русского профессионального лицея №28 Мавланбек Исманов достойно представил Кыргызстан в компетенции «Технология сварки» и был удостоен звания «Best of Nation».
Кроме того, он сообщил, что сборная команда Кыргызстана по WorldSkills примет участие в международном чемпионате WorldSkills Shanghai 2026, который пройдет в Китае.
«Участие в международных соревнованиях по профессиональным компетенциям сегодня способствует внедрению современных стандартов подготовки кадров, развитию профессиональных навыков, расширению международного сотрудничества и повышению интереса молодежи к рабочим профессиям», — подчеркнул Альберт Махметкулов.
Также заместитель министра выразил благодарность общественному фонду «WorldSkills Кыргызстан», а также всем партнерам, которые поддерживают движение, помогают развивать профессиональные компетенции, организуют соревнования и предоставляют возможность участвовать на международной арене.
В ходе мероприятия технический директор фонда «WorldSkills Кыргызстан» Максат Мамытов представил презентацию на тему «Итоги деятельности организации WorldSkills Kyrgyzstan в 2025 году — ключевые достижения, международное участие, развитие компетенций и партнерства».
Кроме того, благодарственные письма были вручены участникам, преподавателям и партнерам чемпионатов «WorldSkills Asia 2025» в Тайбэе, «TurkicSkills 2025» в Актау и «EmiratesSkills 2025» в Абу-Даби.































