Көрүлдү: 0
📅 2025-жылдын 11-12-декабрында Бишкек шаарында «Команда, өнөктөштөр жана кардарлар менен натыйжалуу коммуникация жана өз ара аракеттешүүгө негизделген өнүгүү» аттуу форум өтүп, анда мамлекеттик өнөктөштөр, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген «VIBEs: жаштар үчүн» долбоорунун катышуучулары катышты. 🎯 Форумдун максаты – 2023–2025-жылдардагы долбоордун жыйынтыктарын чыгаруу, жаштардын киреше алып келүүчү ишмердиктеги жетишкендиктерин көрсөтүү, ошондой эле ишкердик жана командалык коммуникация көндүмдөрүн бекемдөө. 👥 Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова белгилегендей, форум жаңы нерсени изилдөөгө, идеяларды сунуштоого даяр демилгелүү, жигердүү жана шыктанган жаштарды бириктирди. 💬 «VIBEs жаштар үчүн» форумунда ар бир адам маанилүү маселелерди ачык талкуулап, талантын көрсөтүп, тажрыйба алмашып жана пикирлештерди таба ала турган аянтча болду. Биз үчүн жаштардын колдоону сезиши, мүмкүнчүлүктөрдү көрүшү жана алардын пикири маанилүү экенин түшүнүшү абдан маанилүү», - деп белгиледи А. Кусеинова. ✨ Форумдун жүрүшүндө долбоордун катышуучуларынын ийгилик тарыхтары, жашоо көндүмдөрүн жана жумуш табуу көндүмдөрүн үйрөнүү алардын жеке өсүшүнө, кесиптик жолуна жана карьералык өнүгүүсүнө кандай таасир эткенин көрсөткөн чыныгы мисалдар сунушталды. ***
В БИШКЕКЕ ПРОШЁЛ ФОРУМ ПО РАЗВИТИЮ КОММУНИКАЦИОННЫХ И КОМАНДНЫХ НАВЫКОВ ДЛЯ МОЛОДЁЖИ
11-12 декабря 2025 года в Бишкеке прошёл форум «Развитие, основанное на эффективной коммуникации и взаимодействии с командой, партнёрами и клиентами» с участием государственных партнёров и молодых участников проекта «VIBEs: для молодёжи» из Нарынской, Чуйской и Иссык-Кульской областей.
Цель форума – подвести итоги проекта за 2023–2025 годы, представить достижения молодых участников в сфере доходо приносящей деятельности, развития жизненных навыков и трудоустройства, а также укрепить навыки предпринимательской и командной коммуникации.
Начальник Управления начального профессионального образования Министерства просвещения Айнура Кусеинова отметила, что форум объединяет инициативных, любознательных и вдохновлённых молодых людей, готовых исследовать новое и предлагать свежие идеи.
«Форум VIBEs для молодёжи создан как пространство, где каждый может открыто говорить о важном, проявлять свои таланты, обмениваться опытом и находить единомышленников. Нам особенно важно, чтобы молодёжь чувствовала поддержку, видела возможности и понимала, что её мнение имеет значение», - подчеркнула А. Кусеинова.
В ходе форума были представлены истории успеха участников проекта — примеры того, как обучение жизненным навыкам и навыкам трудоустройства повлияло на их личностное развитие, профессиональный путь и карьерный рост.






