Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 16-декабрда, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында жалпы билим берүү уюмдарына тармактык (профилдик) окутууну киргизүүнү камсыз кылууга багытталган жобону жана башка тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топ тармактык окутуунун моделин ишке ашырууда эл аралык жана өлкөлүк тажрыйбада колдонулуп жаткан профилдештирүүнүн негизги багыттарын, аны уюштуруунун негизги формалары карашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева тармактык окутууну киргизүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана кесиптик кызыкчылыктарын эске алууга, ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган адистешкен ашпозчу, электрик сыяктуу жумушчу кесиптерге багытталган кадрларды даярдоого шарт түзөрүн белгиледи. Маалымат үчүн: Тармактык (профилдик) окутуу — окуучулардын жөндөмдөрүн, кесиптик кызыгууларын жана умтулууларын, ошондой эле эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен билим берүү процессинин мазмунун, түзүмүн жана уюштурулушун өзгөртүү аркылуу окутууну жекелештирүүгө жана дифференциациялоого багытталган билим берүү модели.

post.title

Мектептик билим берүү программасы базалык жана профилдик эки бөлүктөн турат. Базалык бөлүк бардык окуучулар үчүн милдеттүү болгон жалпы билим берүү предметтерин камтыйт. Профилдик бөлүк болсо окуучулардын келечекте тандаган кесибине ылайык дисциплиналарды тереңдетип окуп-үйрөнүүсүнө багытталат.
Мисалы, Казакстан Республикасында профилдик окутуу жалпы билим берүү мектептеринин 10–11-класстарында ишке ашырылып, 8–9-класстарда профилге чейинки даярдык жүргүзүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар