Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
КЫРГЫЗ-ТҮРК “АНАДОЛУ” КЕСИПТИК КЫЗДАР ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ TEENNOVATION 2025 ХАКАТОНУНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Көрүлдү: 0

Билим берүүдө инновацияларды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаган Кыргыз-Түрк “Анадолу” кесиптик кыздар лицейинин окуучулары эл аралык деңгээлдеги маанилүү ийгиликке жетишти. Лицейдин 10-Б классынын окуучулары - Рысбаева Айдина, Рахатбекова Раяна, Асилбекова Арууке, Саламатова Айжан жана Ишенбекова Касиет - TEENNOVATION 2025 инновациялык хакатонунда абсолюттук жеңишке жетип, өлкөнүн билим берүү тармагы үчүн зор жетишкендикти жаратты. TEENNOVATION - бул жаштардын инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган ири билим берүү платформасы. Compass College жана Bakai Bank тарабынан уюштурулган бул хакатон жүздөгөн окуучуларды жана студенттерди инновация, стартап жана IT багыттарында өнүктүрүүнү көздөйт. Быйылкы иш-чаранын Junior League категориясында (8–11-класстар жана колледждердин 1-курсу) атаандаштык абдан жогору болду: жалпы 100 команда катышып, алардын ар бири өзүнүн уникалдуу долбоорун сунуштады. Катуу тандоодон кийин 22 команда финалга өтүп, алардын арасында Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинин окуучуларынан түзүлгөн FIN BADDIES командасы өзүнүн инновациялык долбоору менен айырмаланды. Финалдык этапта команда мыкты натыйжа көрсөтүп, хакатондун абсолюттук жеңүүчүсү болуп табылды. Жеңүүчүлөр 85 000 сом өлчөмүндөгү башкы байгеге ээ болушту.

post.title

Бул жетишкендик - окуучулардын талыкпаган аракетинин, чыгармачылыгынын, технологиялык сабаттуулугунун жана командалык биримдигинин жыйынтыгы. Мындан сырткары, FIN BADDIES командасынын ийгилиги Кыргызстандын жаштарынын инновациялык мүмкүнчүлүгү жана билимге болгон умтулуусу канчалык жогору экенин дагы бир жолу далилдеди.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинин FIN BADDIES командасын терең урматтоо менен куттуктайт жана аларды келечекте дагы көптөгөн ийгиликтер күтөт деп ишенет.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар