Көрүлдү: 713
2025-жылдын 4-9-октябрында Казакстан Республикасынын Актау шаарында эл аралык кесиптик чеберчилик чемпионаты “TurkicSkills 2025” өтүүдө. Мелдештерге 7 өлкөдөн келген жаш кесипкөйлөр катышып, 90дан ашуун эксперттин жетекчилиги астында 10 компетенция боюнча күч сынашууда. 70тен ашык катышуучу жана 5000ден ашуун конок болору күтүлүүдө.
Чемпионаттын негизги максаты – тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү мейкиндик түзүү, жумушчу кесиптерди даңазалоо, жаш таланттарды өнүктүрүү жана түрк дүйнөсүнө кирген өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо.
Кыргыз Республикасы үчүн “TurkicSkills 2025ке” катышуу өзгөчө мааниге ээ, анткени бул улуттук кураманы кийинки “WorldSkills Asia 2025” жана “WorldSkills International 2026” эл аралык мелдештерине даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат.
Кыргызстандын улуттук курамасы 8 компетенция боюнча катышып жатат. Улуттук кураманын курамына төмөнкү окуу жайлардын өкүлдөрү кирди:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “WorldSkills Кыргызстан” коомдук фондуна жемиштүү кызматташтыгы жана “TurkicSkills 2025” чемпионатына катышуу жаштардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө жана өсүп келе жаткан муундун арасында жумушчу кесиптерди даңазалоодо маанилүү кадам болоруна ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирет.














