Көрүлдү: 0
2025-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында «Иш берүүчү - кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» деген аталышта тегерек стол өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип уюштурду. Иш-чаранын максаты кесиптик билим берүү тутуму менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулоо жана жаш адистерди жумушка орноштуруунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу болуп саналат. Талкууга мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, ошондой эле Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Өкмөтүнүн «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун, Helvetas Swiss Intercooperation уюмунун өкүлдөрү катышты. Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна республиканын аймагындагы 93 окуу жайы кирет. 2025-2026-окуу жылында контингент 28 миңге жакын окуучуну түздү, аларга 120дан ашык кесип боюнча билим берилет. Ошондой эле дуалдык билим берүү системасы жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүүчү квалификациялык экзамендер кеңири киргизилүүдө. Бул өз кезегинде бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Тегерек столдо Кыргызстандагы жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары, жаштар үчүн пилоттук такшалтма программаларынын анализи, Worldskills Kyrgyzstan аркылуу жумушчу кесиптерди даңазалоо, инклюзивдүү билим берүү демилгелери, эл аралык кызматташтык жана кесиптик көндүмдөрдү баалоо маселелери боюнча баяндамалар жасалды.
Кесиптик билим берүү системасы менен ийгиликтүү кызматташкан ишканалар: «Радуга Плюс» эс алуу борбору, «Данатекс» ЖЧК, «Инклюзивдүү билим берүү жана жаштарды жумушка орноштуруу», «Балдар үйлөрүнүн балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга жардам» коомдук фондунун жетекчилери өз тажрыйбаларын бөлүштү.
Иш-чаранын катышуучулары иш берүүчүлөрдү билим берүү программаларын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгууга активдүү тартуу зарылдыгын, бул бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон көндүмдөр менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүү тармагындагы реформалардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгилешти.











