Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
2024-2025 ОКУУ ЖЫЛЫНДА «АНАДОЛУ» КЫРГЫЗ-ТҮРК КЕСИПТИК КЫЗДАР ЛИЦЕЙИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖРТда ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАЛАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы «Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинин 2024-2025 окуу жылын ийгиликтүү аяктаган 43 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнү (ОРТ) ийгиликтүү тапшырып, босого баллдан жогору жыйынтыкка ээ болгонун маалымдайт.

post.title

ОРТ тапшыруучулардын ичинен он бүтүрүүчү 200дөн ашык балл топтогон. Айрыкча, 233 балл алган бир бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болуп, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республикалык рейтингде 12-орунду багындырып, өзгөчө айырмаланган.

Мындан тышкары, алты бүтүрүүчү 190 баллдан жогору жыйынтык көрсөтүшкөн. Лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн орточо баллы 181,5 түзүп, бул окуучулардын жогорку даярдыгын жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун күбөлөйт.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги «Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинин бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин ийгиликтүү натыйжалары менен куттуктап, келечектеги окууда жана кесиптик ишмердүүлүктө улуу ийгиликтерди каалайт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар