Көрүлдү: 0
2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 кесиптик лицей “Кытай-Кыргыз Циньлин жаңы энергиялык транспорт каражаттары боюнча өнөрканасы” аттуу эл аралык билим берүү долбоору расмий башталганын жар салды.
Долбоор Кытай Эл Республикасындагы Яньань кесиптик-техникалык колледжи жана Бээжин шаарындагы Zhongzhi North Zhiyang компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
Долбоорду ишке ашуу мөөнөтү – 2025-2028-жылдар.
Долбоордун негизги максаттары жана багыттары:
Долбоор жашыл технологиялар жана туруктуу транспорт тармагында адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жана кесиптик билим берүүнү модернизациялоо, ошондой эле экологиялык жактан таза транспортко өтүү боюнча стратегиялык приоритеттерине толук шайкеш келет.
Долбоордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова катышты. Ал кесиптик билим берүү тармагында эл аралык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, долбоор ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артарын айтты. Ошондой эле, Г. Мамырова электромобилдерди оңдоо жана тейлөө боюнча жаңы окуу программаларын киргизүүнүн актуалдуулугуна токтолуп, “жашыл кесиптерди” өнүктүрүү заманбап эмгек рыногунун талаптарына жана экологиялык чакырыктарга жооп берерин баса белгиледи.
Яньань кесиптик-техникалык колледжинин директору Ли Сюнвей дагы куттуктоо сөз сүйлөп, кыргыз тарапка ачык кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы энергетикалык транспорт каражаттары тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө олуттуу негиз түзөт.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул долбоорду кесиптик билим берүү тармагындагы кыргыз-кытай кызматташуусун бекемдөөнүн жана тез өнүгүп жаткан тармактарда иштөөгө жөндөмдүү жаңы муундагы кадрларды даярдоонун маанилүү кадамы катары баалайт.







