Көрүлдү: 0
2025-жылдын 2-июнунда башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Быйыл төртүнчү жыл катары менен Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан экзамендерди Zoom платформасы аркылуу онлайн түрүндө көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул онлайн көзөмөлдөөнүн негизги максаты – экзамендердин ачык жана адилеттүү өтүшүн камсыз кылуу болуп, кесиптик лицейлердеги окуучулардын билимин объективдүү баалоого шарт түзөт.
Министрлик башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, өлкөнүн экономикасына ылайыктуу квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке киришүүсүнө бардык шарттарды түзүү боюнча иштерди туруктуу колдоого алууну улантат.









