Көрүлдү: 0
Жалал-Абад облусунда жайгашкан кесиптик лицейлер арасында Ширетүү технологиясы, Ашпозчулук иши жана Мода технологиясындагы мыктылар таймашты. Биринчи таймаштын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын март айында өтө турган “WorldSkills Kyrgyzstan 2025” аймактык чемпионатына катышат. Аймактык турда биринчи орундарды багындыргандар 2025-жылдын апрель айында Бишкек шаарында өтө турган “WorldSkills Kyrgyzstan 2025” Улуттук чемпионатына жолдомо алышат.
Расмий уюштуруучулар –Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “ВорлдСкиллс Кыргызстан” коомдук фонду. @worldskillskyrgyzstan, #worldskills #worldskillsasia #worldskillskyrgyzstan #worldskillstaipei #competencies
WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, максаты - бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.