Көрүлдү: 0
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кызматкерлери жана №97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин окуучулары менен бирдикте “Эр жигит эл четинде - жоо бетинде” аттуу сынак өткөрүлдү. Сынактын максаты: окуучуларды Ата-Мекенди коргоого, аны көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо жана патриот, ар намыстуу Ата-Мекендин чыныгы атуулу болууга шыктандыруу. Сынакка лицейдин окуучулары эң жогорку деңгээлде даярданып, төмөнкү үч бөлүк менен тапшырмаларды аткарышты: 1. Патриоттук ырларды аткаруу менен марштан өтүү; 2. Калашникова куралын чачуу жана чогултуу; 3. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Ошондой эле окуучуларга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалар министирлигинин өкүлдөрү жарандык коргонуу боюнча атайын көргөзмө уюштурушту. Анда окуучуларга өрт коопсуздугунан сактоо, биринчи медициналык жардам берүү, экстремалдык абалдарда кандай атайын буюмдар колдоонуулары көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө лицейдин Ардак грамоталары жана окуучуларга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалар министирлигинин кызматкерлери менен лицейдин окуучулары концерттик программа тартуулашты.