Көрүлдү: 0
Талас облусунда жайгашкан кесиптик лицейлер арасында Ширетүү технологиясы, Ашпозчулук иши жана Мода технологиясындагы мыктылар таймашууда. Айта кетсек, Кыргызстандын бардык облустарында жана республиканын борборунда Ширетүү технологиясы, Ашпозчулук жана Мода технологиясы багыттары боюнча кесиптик лицейлер менен колледждердин окуучуларынын арасында “WorldSkills Kyrgyzstan 2025” таймашы өтүүдө. Биринчи турдун жеңүүчүлөрү 2024-жылдын март айында өтө турган “WorldSkills Kyrgyzstan 2025” аймактык чемпионатына катышат. Биринчи орундарды багындыргандар 2025-жылдын апрель айында Бишкек шаарында боло турган “WorldSkills Kyrgyzstan 2025” улуттук чемпионатына барышат.
Расмий уюштуруучулар –Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “ВорлдСкиллс” коомдук фонду. @worldskillskyrgyzstan #worldskills #worldskillsasia #worldskillskyrgyzstan #worldskillstaipei #competencies
WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, максаты - бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.