Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «ICT4Girls in Batken» долбоорунун алкагында Баткен облусундагы кесиптик лицейлер жаңы ноутбуктар менен камсыздалды

Көрүлдү: 0

2024-жыл Баткен облсу үчүн жакшы жетишкендиктердин жылы болду. Экономикалык алабы жакшырып, чекара маселеси алда канча алдыга жылгандыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушунун негизинде, Германия өлкөсүнүн колдоосу менен Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «ICT4Girls in Batken» долбоорунун алкагында Баткен өрөөнүнүнүн кыздары жана аялдары үчүн IT тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү тартууланды. Бул долбоор IT билим алуу аркылуу жатштар өзүнүн жашаган жерин таштабастан татыктуу жумуш орун табууга өбөлгө түзөт, жана катышуулулардын үй бүлөөлүк финснсылык абалын жакшытрууга мүмкүнчүлүк берет. Жаш мугалимдер IT тармагында билимин күчтөп окуучуларга заман талабына жооп берген билм берүүгө жардам берүүгө багытталган. Андан тышкары, проект тарабынан Баткен облусунун үч районунун Кесиптик лицейлери IT техникасы менен жабдууланды. 2 млн. сомдон ашык каражатка ноутбуктар алынып Кызыл- Кыя шаарынын №70, Баткен шаарынын №57 жана Лейлек районунун Ак-Арык айылынын №31 кесиптик лицейлерине тапшырылып берилди. Ошондой эле Кыргыз-IT ишканалардын бирикмеси - КАРПОУ ассоциациясынын демилгеси менен ачылган Раззаков шаарындагы IT окутуу борбору да ноутбуктар менен камсыздандырылды. Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «ICT4Girls in Batken» долбоорунун алкагында Баткен облусундагы кесиптик лицейлер жаңы ноутбуктар менен камсыздалды

post.title

Долбоордун алкагында 200 жаш кыздар жана аялдар санариптик сабаттуулук жана программалоонун негиздерин жана ошондой эле Python программалоо тилин терең үйрөнүп, IT тармагындагы өлкө ичи жана эл аралык эмгек рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окутуу 23-декабрдан старт алып КАРПОУ ассоциациясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлүүдө. 

ICT4Girls in Batken долбоору айтылып кеткен иш-чаралар жана материалдык колдоосунун негизинде өрөөндүн экономикалык абалына салым кошуу менен биргеликте, миграция көрсөткүчүн төмөндөөсүнө өз салымын кошооруна терең ишенимде. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар