Көрүлдү: 0
2024-жыдын 26-декабрындаБишкек шаарындагы № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинде Моцзы өнөрканасы ачылды. Ал Кытай Эл Республикасынын Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжи менен биргеликте ишке ашырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Акбар уулу Данияр, № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов, окуу жайдын жамааты жана Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжинин ректору, профессор Юэ Гуйсинь катышты. Оболу № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин тең уюштуруучусу болгон И. Раззаков атындагы КМТУда тегерек стол өттү. Анда Догдуркүл Кендирбаева “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу эртең расмий түрдө башталарын, бул өлкөлөр ортосундагы өтө чоң экономикалык соода байланышына алып келерин айтты. “Бирок темир жолду куруу, тейлөө үчүн эң жогорку кесипкөй адистерди даярдоо силерге байланыштуу. Кытай – жол технологиялары, темир жол, асма көпүрө, жер алдындагы жол түйүндөрүн салуу боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө. Баарыбыздын максатыбыз – дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайынын тажрыйбасын терең үйрөнүп, жаңы технологияларды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өзүбүз үчүн эң мыкты кесипкөй адистерди даярдап чыгуу”, – деди министр Д. Кендирбаева. Ошондой эле министр темир жол куруу ишканаларынын өкүлдөрүнө студенттердин такшалмадан өтүүсүнө, мугалимдердин жеринде практикалык билим алуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Ал эми № 97 кесиптик лицейдин директору А. Колопов “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун алкагында жаңы багыттагы адистерди даярдоо керектигин белгиледи. “Биз темир жол жаатындагы адистерди даярдаган жападан жалгыз окуу жайбыз. Адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында ушул өнөркана ачылып, ага керектүү жабдуулар алынды. Кытайдан адистер келип, студенттерибизди окутуп, тажрыйба алмашышат”, – деди А. Колопов.
Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Ага ылайык, темир жол транспорту тармагында жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо үчүн Орто Азия темир жолунун Моцзы өнөрканасы ачылып, поезддердин кыймылын уюштуруу жана көзөмөлдөө, темир жолду куруу жана оңдоо үчүн заманбап техника менен жабдылды.