Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
№25 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ 50 ЖАШТА

Көрүлдү: 0

29-ноябрда Кант шаарындагы №25 Кесиптик лицейдин 50 жылдыгына арналган маареке болуп өттү. Маарекеге Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыракманова Асыл Доотуевна, Республикалык илимий методикалык борборунун директорунун орун басары Алымкан Ногойбековна, Кант шаарынын мэри Майлубашев Улан Бекболотович, Эфейчай фондусунун директору Ю Жоң Хо, лицейдин ардагерлери, Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин жетекчилери, №25 кесиптик лицейинин бүтүрүүчүлөрү, социалдык өнөктөштөр, окутуучулар жана окуучулар катышты.

post.title

№25 Кесиптик лицей 50 жылдын ичинде көптөгөн жетишкендиктерге жетишти. Бул юбилей лицейдин ийгиликтерин белгилөөчү маанилүү күн болуп калды. Лицейдин өткөн жолу, алынган жетишкендиктер жана жеңилген кыйынчылыктар бирге бааланып, келечегине да көз жүгүртүлдү. Лицейдин алгачкы жетекчилери Перков Петр Иванович жана Колдобанов Анатолий Григорьевичтин эмгектери эскерилди.

Өмүрүн лицейге арнаган жана анын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.

Үч жылдан бери лицейдин жамааты материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча көптөгөн иштерди жүргүзүүдө.

Эфейчай фондусунун колдоосу менен жаңы ширетүү цехи оңдолуп, жаңы ширетүү аппараттары алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен №25 Кесиптик лицей "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында 2022-2023 окуу жылында “Автомеханик” жана “Электр жабдууларын оңдоп тейлөөчү электр монтеру” кесиптери боюнча окуу кабинеттери заманбап жабдуулар менен жабдылды. 2023-2024 окуу жылында лицейде капиталдык оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, беш кабинет жаңы эмеректер менен жабдылды. Компьютердик класс жана конференц-зал ачылып, толук жабдууланды. Жатаканада да оңдоо иштери жүргүзүлүп, окуучуларга жакшы шарттар түзүлдү.

Учурда автомеханик кесиби боюнча ачылган окуу-өндүрүш устаканасында Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы №220 Токтомуна ылайык калкка кызмат көрсөтүү башталды. Мындан тышкары, окуучулар үчүн жумуш ордунда окутуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

№25 Кесиптик лицейдин жамааты Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбековичке, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Джекшебаевнага жана “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Чырбановичке терең ыраазычылык билдирет. Лицейдин 50 жылдык юбилейине карата долбоордун алкагында жүргүзүлгөн оңдоп түзөө иштери жана жаңы заманбап окуу жабдуулары – баа жеткис белек болуп саналат.

Евросоюздун колдоосу менен "Rural Development Fund" фонду “Тикмечи” кесиби боюнча устаканабызды толугу менен жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз кылды.

№25 Кесиптик лицей Кант цемент заводу, Кант Девелопмент, Абдыш-Ата, Аталык, 13 Өндүрүштүк кооператив, Ак-булак кафеси, Алтынө Аяк рестораны сыяктуу Ысык-Ата районундагы жана Кант шаарындагы ири ишканалар менен кызматташып келет.

Лиицейдин 50 жылдык маарекесинде лицейдин  окутуучулары, устаттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар