Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ысык-Көл районундагы № 85 кесиптик лицейинин Чон-Сары-Ой айылында жайгашкан филиалы ачылды

Көрүлдү: 0

Ысык-Көл районундагы № 85 кесиптик лицейинин Чон-Сары-Ой айылындагы филиалы 1979-жылы Темир айылындагы №42 ПТУнун базасында ачылган. Анда 3-класстагы “Тракторист”, “Фермер” жана 3 класстагы “Айдоочу” деген кесиптер окутулуп келген. 1992-1993-жылдары Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин филиалы болуп которулган. Акыркы 30-жылдын аралыгында: Фермер, тигүүчү – ууз, ашпозчу-официант сыяктуу көптөгөн керектүү жумушчу кадрларды даярдап, миңдеген кесиптин ээлерин жумуш орду менен камсыз кылып келген. 1979-жылдан бүгүнкү күнгө чейин косметикалык гана ремонт иштери жасалып, орчундуу ремонт иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу чатырынан суу агып, окууга көп тоскоолдуктар болуп келген. 2024-2025-окуу жылында Чон-Сары-Ой айылындагы Шайыбек-Ата айыл өкмөтү тарабынан бир миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп, ОсОО “Оскар Строй” фирмасы аркылуу филиалдын чатыры толук алмаштырылып, кошумча бөлмө да коштурулуп жаңыланды. Азыркы күндө эмгек рыногуна керек болгон, тагыраак айтканда окуу мөөнөтү 10 ай болгон, дуалдык окуу программасынын негизинде “Ашпозчу-кондитер” кесибинде 30 окуучу билим алып келет. Аталган филиалдарда айылдын жаштары билим алып, кафе-ресторандарга жумуш орду менен камсыз болуп келүүдө.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар