Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Бишкек шаарында жайгашкан №18 кесиптик лицейинде жаңы окуу бөлмөсүнүн ачылыш аземи өттү

Көрүлдү: 0

Бишкек шаарында жайгашкан №18 кесиптик лицейинде жаңы окуу бөлмөсүнүн ачылыш аземи өттү. Бул окуу бөлмө «Danatex» деп аталып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен толугу менен ремонттон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эрнис Айдаралиев жана Эрулан Кокулов катышты. Иш-чарага лицейдин жамааты, окуучулар жана башка коноктор да катышып, жаңы окуу бөлмөнүн ачылышына кубанып, анын келечекке жасалган чоң кадам экендигин белгилешти. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн депутат Эрнис Айдаралиев №18 кесиптик лицейдин жалпы жамаатына, окуучуларына жана жаңы дайындалган лицейдин директоруна ийгилик каалады. Ал бул долбоор кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жаштарды келечектеги эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистер катары даярдоого чоң салым кошоруна ишенимин билдирди. Ал эми депутат Эрулан Кокулов белгилегендей, мындай демилгелер кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана жаштардын кесиптик даярдыгын камсыздоого багытталган ири кадам болуп саналат. Белгилей кетсек, Danatex окуу бөлмөсү заманбап технологиялар менен жабдылып, окуучулардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Окуу процессинде колдонула турган шаймандар жана материалдар, лицейдин базасын бекемдеп, практикалык сабактардын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар