Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
“СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ: ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨСҮҮ ҮЧҮН КӨНДҮМДӨР” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 1-ноябрда, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В. Раимбачаева, КР ЖК Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М. Сыдыков, КР ЖК депутаты К. Талиева, Билим берүү жана илим министринин орун басары/долбоордун директору Абазбек уулу Расул, Кыргызстандагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жэнг Ву катышты. Мындан тышкары иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты. В. Раимбачаева өз сөзүндө долбоордун ишмердүүлүгү окутуунун сапатын жакшыртууга гана өбөлгө түзбөстөн, экономиканын ар кандай секторлорунда иштөөгө, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди калыптандырууга шарт түзгөнүн айтып өттү. Абазбек уулу Расул долбоор аткарган иштерге кенен токтолуп, долбоордун алкагында мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, аларга болгон жаңы педагогикалык стандарттарды иштеп чыгуу, кесиптик окуу жайларды заман талабына жооп берген заманбап методикалык колдонмолор, жабдуулар, техника, виртуалдуу реалдуулук технологиялары жана эмеректер менен камсыздоо ишке ашырылганын айтты. Долбоордун негизги максаты өлкөдөгү кесиптик билим берүүнү колдоо, аймактардагы колледждердин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлорун (АТБ) түзүү аркылуу кесиптик билим алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларын колдоо болуп саналат. Иш-чарада эксперттер жана кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү кесиптик билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары, социалдык өнөктөштүк жана ишкердик, кесиптик билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу темаларын талкуулашты. Кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында 35 окуу жай камтылган жана бардыгы болуп 55 315 чарчы метр окуу жайлары, тактап айтканда, окуу класстары, лабораториялар, окутуучулар үчүн кабинеттер, ашканалар, жатаканалар, санитардык түйүндөр, эс алуу жайлары реконструкцияланган. Мындан тышкары, 8 АТБнын алдында уникалдуу окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлгөн, алардын максаты – студенттердин жумуш ордунда билим алуусу үчүн шарттарды түзүү. Бул комплекстер өздөрүн толук камсыздап, алар иштеп жаткан окуу жайларына киреше алып келет. Ошондой эле пилоттук окуу жайларга 144,5 млн сомго 2514 даана кеңсе жабдуусу, 87 млн сомдон ашык суммага 6569 даана эмерек, 273 млн сомго жакын суммага 1789 бирдик окуу жана өндүрүш жабдуулары сатылып алынган. Долбоор пилоттук адистик жана кесиптер боюнча орто кесиптик билим берүү деңгээлинде 6 миңге жакын студентти, ал эми башталгыч кесиптик билим берүү деңгээлинде 2 миңге жакын окуучуну камтыган. Ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын педагогдору үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары, кайра даярдоо, ошондой эле ар кандай окутуучу тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, жалпысынан 7 миңге чукул адам окуудан өткөн. Долбоор өз ишин 2024-жылдын 31-декабрында жыйынтыктайт.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар