Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик лицейлердин жетекчилери үчүн «Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!» аталышындагы урааны менен консультациялык жолугушуу болуп өттү

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги УКМК, ДИМК жана КМДБ менен бирге Бишкек шаарындагы № 3 кесиптик лицейинин имаратында кесиптик лицейлердин жетекчилери үчүн “Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!” аталышындагы урааны менен, ошондой эле активист студенттер үчүн “Билим берүү чөйрөсүндөгү деструктивдүү таасирдин алдын алуу” деген темада лекция өткөрүштү. Иш-чара жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана диний чыр-чатактардын, басмырлоонун, экстремизмдин, терроризмдин жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга багытталган. Лекциянын спикерлери интернеттеги радикалдык топторго каршы укуктук жана ыкчам чараларды чагылдырышты, тыюу салынган уюмдардын онлайн мейкиндиктеги жалдоо иш-аракеттерине көз салууга жана бөгөт коюуга багытталган учурдагы демилгелер, ошондой эле жаштар өздөрүн Экстремисттик иштерге аралашуудан кантип коргой алары жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, радикал уюмдар жаштарды манипуляциялоо үчүн диний постулаттарды кантип бурмалап жатат деген тема көтөрүлдү. Лекциянын катышуучуларына экстремисттик топторго тартуу аракеттерине шектенүү пайда болгон учурда кайрылууга боло турган мамлекеттик органдардын байланыш номурлары берилди. Консульта суроо-жооп сессиясы менен аяктап, берилген суроолорго мыйзам чегинде жооптор берилип, тиешелүү сунуштар кабыл алынды.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар