Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт. Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси: Өздүк арыз; Жарандык паспорттун көчүрмөсү; Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен); Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен); Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан); Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан); Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт; Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы. Дело №.

post.title

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 9-сентябры
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 20-сентябры саат 18.00гө чейин.
Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 
Сурап-билүү телефону: 0312 62 05 09.
Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/438/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар