Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
KOICAнын ДОЛБООРУ БОЮНЧА №19 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНИН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЖАКШЫРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 0

9-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кемин шаарындагы №19 кесиптик лицейинде фитнес жана эс алуу зоналарынын салтанаттуу ачылышына катышты. Куттуктоо сөзүн мминистрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соён сүйлөдү. Министрдин орун басары №19 кесиптик лицейиндеги шарттарды жакшыртууда KOICA көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, билим берүү тармагындагы долбоорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. “Жаштардын келечегин кеңейтүү үчүн биз кесиптик лицейлерди колдоого багытталган демилгелер боюнча өз ара аракеттешүүнү тереңдетүүгө даярбыз”, - деди Расул Абазбек уулу. KOICA №19 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн долбоорго 2 миллион сом каражат бөлгөн. Ошондой эле узак мөөнөттүү долбоор боюнча агенттик Бишкектеги №94 кесиптик лицейинде телефон жана тиричилик техникаларын оңдоо лабораториясын ачып, өткөн жылы аларга компьютердик класстар үчүн 1,7 миллион сомдук жабдууларды берген.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар