Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик лицейлердин окуучулары Ысык-Көл облусунун №85 кесиптик лицейинин “Келечек” лагеринде жайкы эс алууда

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 02.05.2024-ж. №696/1 “2024-жылы Башталгыч кесиптик окуу жайларында окуган окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы “Келечек” жайкы эс алуу лагеринде 1200 окуучунун эс алуусу пландалган. Бүгүнкү күндө республикабыздын булуң бурчунан келген 100 лицейден 30дан ашык лицейдин окуучулары көгүлтүр көлдүн жээгинде эс алышууда. Жалпы лагерде 4 агым менен 10 күндөн эс алуу уюштурулган. Эс алуу көңүлдүү, эсте калаарлык жана пайдалуу болуусу үчүн лагердин жетекчилиги 10 күндүк программа түзүп, анда спорттун түрлөрү – волейбол, футбол, стол тенниси, көл жээгиндеги эстафета, кыргыз улуттук оюндар – ордо, таяк тартыш боюнча мелдештер кызуу жүргүзүлүүдө. Кечкисин ар бир лицейдин окуучулары өз лицейлерин презентациялап, ыр, бий боюнча таланттарын көрсөтүп, дискотека менен кечки иш чара аяктоодо. Эмгек эс алуу лагери деп аталгандан соң, лицейдин окуучулары күнүгө бир саат убакытта көл жээгин, аймактын тегерегин тазалап, жашыл бак дарактарды сугарып, лагердин территориясын кооздоого салым кошуп жатышат. Лагердин администрациясы жана эмгек жамааты эс алуучулардын жашоосуна, тамактануусуна кам көрүп, көл жээгинде куткаруучулар, территорияда милиция кызматкерлери да коопсуздукту камсыздоодо.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар