Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ МЕКТЕП ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ TUNDUK / ТҮНДҮК МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ДОКУМЕНТТИ АЛА АЛЫШАТ

Көрүлдү: 0

Эми мектепти же кесиптик лицейди 2018-жылы жана андан кийин аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Tunduk («Түндүк») мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди ала алышат. 2023-2024-окуу жылында жалпы орто билим жөнүндө аттестаттар 11-класстын 76 миң 244 жана кесиптик лицейлердин 8 миң 666 бүтүрүүчүлөрү үчүн, ошондой эле 9-класстын 127 миң 176 жана кесиптик лицейлердин 49 бүтүрүүчүлөрү үчүн негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөр кагаз жана электрондук варианттарда даярдалган.

post.title

 

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготсо, анда Tunduk («Түндүк») мобилдик тиркемеси жана https://attestat.edu.gov.kg / порталынан дубликатын алууга болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар