Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮҮНӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ БИЛИМИ ЖӨНҮНДӨ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ!

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 28-июнда башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 8666 миң бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 49 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты. Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу кыйынчылык жаратпайт, анткени аны https://attestat.edu.gov.kg/ сайтынан алууга болот.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар