Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Билим берүү жана илим министрлиги “Куликов” кондитердик үйү” ЖЧКсынын өндүрүштүк базасында кесиптик лицейлердин “Кондитер” багыты боюнча өндүрүштүк окутуу чеберлерине өткөрүлүп жаткан квалификацияны жогорулатуу курсу менен тааныштыруу пресс-туру өттү!

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Куликов” кондитердик үйү” ЖЧКсынын өндүрүштүк базасында кесиптик лицейлердин “Кондитер” багыты боюнча өндүрүштүк окутуу чеберлерине өткөрүлүп жаткан квалификацияны жогорулатуу курсу менен тааныштыруу үчүн ЖМК өкүлдөрүнө пресс-тур уюштурду. Өндүрүштүк базадагы теориялык жана практикалык сабактарда курстун угуучулары заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атайын жабдууларда жана алдыңкы технологияларда иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүүдө. Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан уюштурулган 72 сааттык квалификация жогорулатуу курсуна өлкөнүн ар кайсы аймагынан 35 угуучу катышууда. Курс 3-июндан 13-июнга чейин созулуп, окууну аяктагандан кийин өткөн багыттар боюнча предметтик тесттерди ийгиликтүү тапшырган угуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар берилет.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар