Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
2024-жылдын 1-июнунда "Анадолу "Кыргыз-түрк кесиптик кыздар лицейине кабыл алуу сынагы болуп өттү!

Көрүлдү: 0

Сынакка өлкөбүздүн ар кайсы айматарынан 8-классты бүтүрүп жаткан окуучу кыздар катышты. Кабыл алуу Бишкек шаарындагы Түрк башталгыч мектебинде жана Ош шаарындагы теология факультетинде уюшкандыкта өттү. Каттоодон өткөн 734 кыз математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, Кыргызстандын тарыхы, биология, химия, физика сабактарынан түзүлгөн 100 суроого 2 саатта текст түрүндө жооп берип чыгышты. Булардын ичинен эң көп упай алган 50 кыз гана лицейибизге өтөт. Сынактын жыйынтыгы ушул аптада лицейдин сайтына жана инстаграмм баракчасына жарыяланат.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар