Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ош шаарындагы Т.Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейи “ОШ ШААРЫБЫЗДЫ САКТАЙЛЫ!” аттуу тазалык акциясы эстафетасын өткөрдү!

Көрүлдү: 0

Акциянын негизги максаты: Ош шаарын таштандыдан тазалоо, жаштардын табиятка болгон аруу мамилесин өркүндөтүү жана экологиялык билими менен көндүмдөрүн калыптандыруу, жаштар акциясы аркылуу коомчулукту табиятты таза сактоого чакыруу болуп саналат. Акция 2024- жылдын 24-майында Ош шаарындагы №113-кесиптик лицейде уюштурулуп, андан соң Ош шаарындагы №16-кесиптик лицейине өткөрүлүп берилди. Т. Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейинин жалпы эмгек жамааты катышты. Шаардын тургундары акциянын мааниси, зарылчылыгы тууралуу жаштарга насааттарын айтышып, мындай акцияларды байма-бай уюштуруп турууларын мындан ары дагы жайылтууну суранышты. Жаштар флешмоб көрсөтүп, акциянын катышуучулары Сулайман-Тоосунан Ата-турк эс алуу багы аркылуу, Ак-Ниет сейил багына чейиин жөө жүрүш уюштурушуп, жол жээгиндеги таштандылар тазаланды.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар