Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейинде "Өнөр" кечеси өттү!

Көрүлдү: 0

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейинде "Өнөр" кечеси өттү. Аталган иш чарага университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сарыков Сыргак Токтосунович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович, кесиптик лицейдин директору Мамышов Адилбек Акжолович, Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин директорлору, ата-энелер катышты. "Өнөр" кечесинин башында коноктор кесиптик лицей тарабынан даярдалган көргөзмө менен таанышып чыгышты. Иш чара жетекчилердин куттуктоо сөзү менен башталып, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Кеченин жүрүшүндө студенттердин өздөрүнүн тиккен кийимдеринин көргөзмөсү конокторго көрсөтүлдү. Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин директорлору кесиптик лицейлерде ар тараптуу өнөрлүү студенттер билим алаарын айтышып, бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешип, мындан нары лицейлердин кызматташуусун бекемдөө зарыл экенин билдиришти.

post.title

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар