Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №81-кесиптик лицейинде “Кесиптерди даңазалоо жана бош орундар жарманкеси” болуп өттү!

Көрүлдү: 0

Аталган кесиптик лицейинде кесиптерди даңазалоо жана бош орундар жарманкеси менен бирге “Ачык эшик күнү”, ошондой эле кесипке багыттоо кабинетинин ачылышы болуп, иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Астанакулов, акимдин орун басары Шаршенбек кызы Гүлбүбү, жеке ишкерлер, ата-энелер жана Бөкөнбаев айылындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышышты. Иш-чаранын катышуучуларына кесиптик лицейде окутулуп жаткан кесиптер боюнча мастер-класс, презентацииялар көрсөтүлүп, андан кийин окуу жайынын базасы менен таанышып жана кесипке багыттоо кабинетинин ачылышына күбө болушту. Ошондой эле бош орундар боюнча маалыматтар берилип, жумуш берүүчүлөрдүн презентациясы да болуп өттү. Тоң райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен №81-Кесиптик лицейинин жамаатынын уюштуруусу менен өткөрүлгөн иш-чара эмгек рыногунун талабына ылайык кесиптердин тизмегин сунуштоо боюнча мастер-класс жана презентация аркылуу даңазалоо менен бир убакытта бир жерде жумуш берүүчүлөрдүн жана жумуш издөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бириктире алды десек болот.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар