Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ЭЛДАР БАКИРОВ WORLDSKILLS ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНА ДАЯРДАНУУДА!

Көрүлдү: 0

22-24-апрелде WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатынын “Ширетүү технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүсү, №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейинин окуучусу Элдар Бакиров жана БАУнун инновациялык колледжинин студенти Енисей Батырканов Абу-Дабиде өткөн EmiratesSkills XV чемпионатына катышып келди. Иш-чарага 17 өлкөдөн 400дөн ашуун студент катышты. Белгилей кетсек, 2024-жылдын февраль айында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өткөрүлгөн. Анын Кыргыз Республикасындагы расмий уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду, өнөктөштөрү – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: "Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.

post.title

“КАСЕФ” коомдук фондунун директору Максат Мамытов: “Биз студенттерибизди Абу-Дабиге ушул жылдын күз айында Франциянын Лион шаарында өтө турган  WorldSkills International – эл аралык чемпионатына даярдоо үчүн алып бардык”, - деди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар