Көрүлдү: 0
КР нын ЖК депутаты Алишер Эрбаев Ала-Бука районуна болгон иш-сапарында А.Балтагулова атындагы №21 кесиптик лицейдин базасы менен таанышып, окуу жайдын кызматкерлери менен жолукту.
Аталган кесиптик лицейге Ала-Бука районундагы "Каз Минералз Бозымчак" компаниясынын ген директору Ильяз Тулекеев жана KazAID өнүктүрүү агенттигинин башкы төрагасы Арыстанов Аркен Кенесбекулы өкүлдөрү менен биргеликте окуу жайдын базасы менен таанышып, кесиптик лицейге жакындан жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.