Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгынын алкагында, "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т "Бир окуучу-бир көчөт" жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы № З35/1 "Табиятты сактайлы" иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.
Аталган буйрукка ылайык жалпы республикадагы кесиптик лицейлер бул акцияга активдүү катышууда. Бүгүнкү күндө өлкө бюнча 16418 көчөт отургузулду. Анын ичинде:
Бишкек шаары 2079 көчөт,
Чүй облусу 1619 көчөт,
Ош облусу 3827 көчөт,
Жалал-Абад облусу 4261 көчөт,
Баткен облусу 1714 көчөт,
Ысык-Көл облусу 1500 көчөт,
Нарын облусу 653 көчөт,
Талас облусу 765 көчөт.
Ошондой эле апрель айынын аягына чейин дагы бир нече көчөттөр отургузулары пландалууда.