Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
БААРДЫК КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ "ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮН" АТТУУ АКЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ!

Көрүлдү: 0

Кесиптик лицейлерде «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы болуп өттү. Мындай иш чаралар бир тилектештиктин алкагында мугалим-устаттар, жатаканада иштеген тарбиячылар биригүүсүндө уюштурулат. Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аялдарга каршы өкүм зорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясын кесиптик лицейлердин окуучулары дагы жыл сайын өткөрүп келет.

post.title

16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.
Көпчүлүк адамдар ырайымсыз мамилени, зомбулукту үй-бүлөдөгү чыр-чатак деп кабыл алып, жабырлануучулар (аял, эркекине карабай) бардык убакта укук коргоо органдарына кайрыла бербейт. Ал эми зомбулук жасап жаткан адам кылгандарын туура деп ойлоп, актоого боло турган көрүнүш катары кабылдайт, башкалар да ага көз жумушат. Бул балдар жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулуктун кайталанышына, күчөшүнө алып келиши мүмкүн.

Жалпысынан иш-чарага 10000 миңден ашуун окуучулары, КРнын Ички иштер министрлигинин жана КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

 

🟠Эсиңиздерге сала кетсек:
🔺Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.
🔺Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук катталган.
🔺Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9% психикалык кысымга алынат.

 



 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар