Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
"WORLDSKILLS" КЕСИПТИК ЧЕМПИОНАТЫ "ШИРЕТҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ", "АШПОЗЧУЛУК ИШИ" ЖАНА "МОДА ТЕХНОЛОГИЯСЫ" АДИСТИКТЕРИ БОЮНЧА МЫКТЫЛАР ТАЙМАШУУДА!

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 26-27-декабрында Кыргызстандын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында үч адистик боюнча кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучуларынын арасында аймактык мелдеш болуп өттү.

post.title

 

Аймактык турдун жеңүүчүлөрү 2024-жылдын 20-22-февралында республикалык чемпионатына катышышат. Ар бир кесиптин мыкты студенттери жана окуучулары 2024-жылдын 10-15 сентябрындагы Лион шаарында (Франция) өтө турган эл аралык сынакка жолдомо алышат.

 

“WorldSkills International” эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты кесиптик даярдыктын жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу, бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди кеңири жайылтуу болуп саналат. Уюмга дүйнөнүн бардык континенттеринен 85 өлкө мүчө, Кыргызстан 
86-өлкө болуп кирди. Өлкөнүн 2023-жылдын 25-28-сентябрында Дублинде өткөн Генералдык Ассамблеясынын биринчи сессиясында кириши жактырылган жана ратификацияланган. 

Расмий уюштуруучулар – Кыргызстандагы WorldSkills, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана “КАСЕФ” коомдук фонду, иш-чаранын өнөктөштөрү – “Айко-Сейко” ЖЧКсы жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар