Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик лицейлер Кыргыз Республикасынын "Туу" жана "Ак Калпак"күнүнө карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө!

Көрүлдү: 0

Кыргыз ѳлкѳсүнүн Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган, ал эми ак калпак күнү официалдуу эмес түрдѳ 2011-жылы режиссер Рысбек Жабиров агабыздын демилгеси менен белгилене баштаган. Жылдан жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016- жылдын 29- июнунда Жогорку Кеңештин №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынып официалдуу статусун алган. Акыркы жылдары ак калпак күнү элибиздин жашоо-турмушунда эң маанилүү күндѳрдүн бири болуп калды. Ар жылдын 5-март ак калпак күнүн белгилеп келишет.

post.title

Бүгүн Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларында  Кыргыз Республикасынын  “Туусунун” жана “Ак Калпак” күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулуп, бардык кесиптик лицейлердин инженер-педагогикалык жамааты жана  окуучулары катышууда.

Окуу жайларда мамлекеттик “Туу” салтанаттуу көтөрүлүп жана ачык тарбиялык сааттар өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар