Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
"21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө" карата Кесиптик лицейлерде иш-чаралар болуп өттү.

Көрүлдү: 0

Кесиптик лицейлерде "21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө" карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 24-январдагы №111/1 буйругунун негизинде бир айлык жарыяланып, бир айлык иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Иш пландын негизинде мугалимдер “Эне тилди барктайлы”, “Эне тил барда улутсуң, эне тил менен улуксун” , «Канткенде эне тилин сактап калыбыз?» “ Мен –Кыргыздын жараны ” “Эне тилди барктайлы”, “Ар бир тил-өз элине улуу”, “Улутту улут кылган-тил!”, “Эрдин –дили сатылса да,элдин тили сатылбайт”, “21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө” “Эне менен эл турганда,эне тилим жоголбойт”-деген ураан менен “Эне тилим-менин дилим”-деген темада иш-чаралар өткөрүлдү. Түзүлгөн иш-чарага ылайык “Эне тилди барктайлы!”-деген ачык тарбиялык сааттар, линейкалар, класстык сааттар, шайыр тапкычтык клубу, дил баяндар, дубал газеталар, бурч уюштурулду.

post.title

Кыргыз Республикасынын аймагында  кылымдан бери тарыхы, тили жана маданий бөтөнчөлүктөрү бар ар кандай улуттар жашап келет. Мына ушул улуттар аралык ынтымакты сактоо максатында бардык тайпаларда устат класс жетекчилери тарабынан  эне тилин сүйүүгө,  барктоого арналган   “21-февраль -Эл аралык эне тил күнү”   тарбиялык сааттар өткөрүлүп,  “Тил-улуттун  байлыгы” темасында дубал газеталар чыгарылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар