Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 316

Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана башка так отчеттук документтерди берүү жана сактоо тартиби жөнүндө жобо

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2025-ж.“11” февралындагы 165/1 буйругу менен бекитилди                                   

                                                                                                           

Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана башка так отчеттук документтерди берүү жана сактоо тартиби жөнүндө жобо

 

Бул жобо Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү жөнүндө Мыйзамынын 25, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди сактоо, алуу жана берүү тартибин, ошондой эле так отчеттук документтер менен иштөө тартибин аныктайт.

 

1. Башталгыч кесиптик билим берүү системасында берилүүчү мамлекеттик үлгүдөгү документтер жөнүндө жалпы маалымат

 

1.1. Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын билим берүү уюмдарында мамлекеттик үлгүдөгү документтер жана так отчеттук документтер менен иштөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан уюштурулат, контролдонот жана координацияланат.

1.2. Башталгыч кесиптик билим берүүнү аяктагандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик үлгүдөгү документтер катары төмөнкүлөр белгиленген:

- Диплом - башталгыч кесиптик билим берүүнүн толук программасын өздөштүргөн адамдарга берилет;

- Сертификат - кыска мөөнөттүү кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын ж.б. өздөштүргөн адамдарга берилет. Көлөмү 240 сааттан аз программалар боюнча окуу жайдын сертификаты берилет. 240 сааттан ашык болсо мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.

1.3. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган же ар кандай себептер менен окууну аяктабаган окуучуларга окуу жайдын белгиленген үлгүдөгү окугандыгы тууралуу маалымкаты, баалардын табелин тиркөө менен берилет.

1.4. Жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга жалпы орто билим жөнүндө аттестат да берилет. Жалпы орто билим жөнүндө аттестаттарды жана негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрдү сактоо, алуу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.

1.5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) алдындагы кесиптик окуу жайларда окууну аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификат берилет.

 

2. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик үлгүдөгү документтеринин үлгүлөрүнө карата коюлуучу талаптар

 

2.1.     Мамлекеттик үлгүдөгү башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө документтерде (мындан ары - Диплом) документтердин эки категориясы бар: “жалпы үлгүдөгү” диплом жана башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө документтердин бардык түрлөрү үчүн “артыкчылык менен” диплом.

2.2.     Диплом эки милдеттүү бөлүктөн турат:

- негизги - документтин көрсөтмөлүү бөлүгү, анда алган билими тууралуу жалпы маалымат камтылат;

- көмөкчү - документтин тиркемеси, бүтүрүүчүнүн окуу жайда окугандыгы жана алган билими тууралуу толук маалымат камтылат.

2.3.     Дипломдун эки бөлүгүндөгү текст мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдеринде жазылат.

2.4.     Диплом жогорку сапаттагы кагазда жасалат. Көрсөтмөлүү бөлүгү Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн катуу мукабага чапталат, тангирленген тору жана керектүү типографиялык даражадагы жасалмадан корголуп жасалат.

Дипломдун тиркемелери жогорку сапаттагы кагазда тангирленген тору бар көрсөтмөлүү бөлүккө окшош жасалат. Тиркеме - жетишүүнүн жыйынтыктоочу бааларынын көчүрмөсү, программанын мазмунун жана бүтүрүүчүнүн даярдык деңгээлин көрсөтөт. Тиркеме дипломсуз жараксыз деп эсептелинет.

2.5.     Бүтүрүүчүлөргө жеке арызы боюнча үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде толтурулган Диплом берилиши мүмкүн (англис тилиндеги дипломго өтүнмө арыз ээсинин өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт).

 

3. Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоо тартиби

 

3.1. Билим берүү уюмдары окуучулар жөнүндө маалыматтарды даярдоочу ишкана менен макулдашылган документтин форматында тариздейт.

3.2. Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен өз убагында камсыз кылуу максатында окуу жайлар жыл сайын белгиленген мөөнөттө Министрликке бекитилген форма боюнча өтүнмө жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө маалымат беришет.

3.3. Өтүнмөдө бюджеттик жана контракттык негизде билим берүү уюмун бүтүрүп жаткан окуучулардын саны жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерге (Дипломдорго) болгон муктаждык көрсөтүлөт. Өтүнмөгө окутуу жүргүзүлгөн кесибин жана алдын ала ээ болгон квалификациясын көрсөтүү менен топторго бөлүнгөн окуучулардын тизмеси тиркелет. Бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматта бүтүрүүчүнүн инсандыгын тастыктаган документтин түрү жана документтин реквизиттери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Маалымат электрондук вариантта, ошондой эле кагаз түрүндө 2 нускада берилиши керек. Бардык берилген маалыматтар директордун колу менен бекитилет жана окуу жайдын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3.4. Билим берүү уюмунун жетекчиси бүтүрүүчүлөр жөнүндө киргизилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

3.5. Киргизилген маалыматтардын тууралыгын ырастоо үчүн түзүлгөн документтерге билим берүү уюмунун жетекчисинин электрондук санариптик кол тамгасы коюлат. Электрондук санариптик кол тамга жок болгон учурда документке билим берүү уюмунун мөөрү жана билим берүү уюмунун жетекчисинин жеке кол тамгасы коюлат, алар белгиленген программага ылайык автоматтык түрдө электрондук системага жүктөлөт.

3.6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук мекемеси мамлекеттик мекеме Санариптик билим берүү борбору (мындан ары – СББ ММ) санариптик реестрди, мамлекеттик үлгүдөгү документтердин электрондук версиясын (мындан ары – Электрондук реестр) https://diplom.edu.gov.kg/ дареги боюнча түзөт, ал документтерди (мамлекеттик үлгүдөгү дипломду) эсепке алууга жана сактоого арналган. 

3.7.     Дипломдун (сертификаттын) формасы жана үлгүсү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

3.8.     Бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалымат базасын топтоо жана Дипломдун аныктыгын аныктоо максатында алган билими жөнүндө толук маалыматты киргизүү менен ар бир бүтүрүүчүгө жекече даярдалат.

3.9.     Билим берүү уюмдары жыл сайын 1-декабрга чейин билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билим берүү ишине лицензиянын жана билим берүү уюмун аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча алынган сертификаттын реквизиттерин көрсөтүү менен ар бир адистик жана багыт боюнча дипломдордун керектүү санына өтүнмө беришет.

Өтүнмөлөр билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан лицензиянын бар экендиги жана аккредитациядан өткөндүгү күбөлөндүрүлөт.

3.10.   Бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерине чейин эки ай мурда билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөр жана алардын билиминин мазмуну жөнүндө алгачкы маалыматты электрондук формада жана кагаз жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде билим берүү уюмунун жетекчисинин колу коюлган жана билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, белгиленген формада “Заказ боюнча маалыматтар” коштоосу менен берет.

3.11.   Билим берүү уюму бүтүрүүчүлөргө бүтүрүүчү квалификациялык экзамендер аяктагандан кийин бир айдан кечиктирбестен билими тууралуу диплом берүүгө милдеттүү.

3.12.   Бүтүрүүчүлөргө дипломду даярдоо үчүн маалымат кыргыз, орус жана зарыл болгон учурда англис тилдеринде берилет.

3.13.   Билими жөнүндө документтерди даярдоо жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоого ыйгарым укуктуу басмакана менен түзүлүүчү келишим менен аныкталат.

3.14.   Билим берүү уюмдарынын документтерди даярдоого өтүнмөлөрдү берүүсүн жана аларды билим берүү уюмдарына берүүнү эсепке алуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте номерленген жана көктөлгөн атайын эсепке алуу китептеринде жүргүзүлөт.

3.15. Окуучунун жыйынтыктоочу баалары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле бүтүрүүчү квалификациялык экзамендердин жыйынтыктары билим берүү уюму тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган бүтүрүүчү квалификациялык экзамендер аяктаган мөөнөттөн кечиктирилбестен электрондук реестрге киргизилиши керек.

3.16. Электрондук реестрге киргизилген маалыматтар өзгөрүүнүн параметрлерин көрсөтүү менен билим берүү уюмунун жетекчисинен расмий арыз берүүсү менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган бүтүрүүчү квалификациялык экзамендердин аяктоо мөөнөтүнөн кеч киргизилген өзгөртүүлөр билими тууралуу документтин электрондук версиясында гана көрсөтүлөт.

3.17. Кыска мөөнөттүү курстардын сертификаттары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык берилет.

 

4. Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө документтердин бланктарын толтуруу

 

 4.1. Бүтүрүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери документтин бланкына паспорту (же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) боюнча гана жазылат. Окуу жайдын аталышы, номери жана жайгашкан жери - анын каттоосуна ылайык (мөөрдөгү текст менен айырма болбоого тийиш). Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди сызып оңдоого, кырып өчүрүүгө жана оңдоого жол берилбейт.

4.2. Окууну аяктаган адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты (атооч жөндөмөдө) паспорттогу же аны алмаштырган документтеги жазууга ылайык толугу менен жазылат. Мында кыргыз алфавитинин тамгаларын камтыган бүтүрүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты документтин расмий (орус) тилдеги бөлүктөрүндө кыргыз транскрипциясында көрсөтүлөт.

4.3. Окуу жайдын жетекчиси https://diplom.edu.gov.kg/ порталына үч тилде киргизилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат: кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Үч тилдеги бардык маалыматтар окуу жайдын жетекчиси жетектеген комиссия тарабынан текшерилет, ал берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

5. Мамлекеттик үлгүдөгү документтердин дубликаттарын берүү

 

5.1. Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдун дубликаты -башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдун түп нускасынын кайталанган нускасы.

5.2. Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө сертификаттын дубликаты -башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө сертификаттын түп нускасынын кайталанган нускасы.

5.3. Мамлекеттик үлгүдөгү документтердин дубликаттары билим берүү уюмунун сунушу боюнча жоголгон мамлекеттик үлгүдөгү документтердин ордуна берилет. Арыз ээсинин кайрылуусунун негизинде билим берүү уюму ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык документтин дубликатын берүү жөнүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнүч кат түзөт.

5.4. Билим берүү уюмдары башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик документтердин дубликаттарын алуу үчүн бардык уруксат берүүчү документтердин түп нускаларын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Чогулган документтер Министрликтин архивинде сакталат.

5.5. Артыкчылыксыз жана артыкчылык менен башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин бланктары түздөн-түз окуу жайлардын жетекчилерине же окуу жайдын жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген адамга берилет.

5.6. Алынган дипломдордун (сертификаттардын) бланктарынын саны, алардын номерлери мамлекеттик үлгүдөгү бланктарды берүү китебине жазылат, ага алуучу кол коет. Алынган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин бланктарына коштомо кагаз таризделет.

           5.7. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтин дубликатын даярдоого арыздын келип түшүшүнө жараша даярдоочу ишканага заказ берет.

           5.8. Документтин дубликатын даярдоого арыз келип түшкөнүнө жараша даярдоочу ишкана дубликатты даярдайт. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы даярдоочу ишканадан ишеним каттын жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын негизинде документтин дубликатын алат.

           5.9. Автоматтык түрдө түзүлгөн документтин дубликатында документтин датасы жана номери көрсөтүлүп, “дубликат” деген белги болот. Документтин дубликаты ушул Жобого ылайык таризделет. Дубликаттын берилиши жана документтеги маалыматтардын өзгөрүшү реестрде белгиленет.

          5.10. Документтин дубликатын даярдоо менен байланышкан чыгымдар арыз ээсинин өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

          5.11. 2024-жылга чейин башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөргө документтин дубликатын даярдоо ушул Жобо кабыл алынганга чейин документтердин дубликаттарын даярдоо боюнча белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

          5.12. Жоголгон мамлекеттик үлгүдөгү документтердин (диплом, сертификат ж.б.) ордуна документ берүү маселеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү башкармалыгы тарабынан каралат. 

  5.13. Министрлик ай сайын даярдоочу ишканага жекелештирилген дубликаттарды даярдоо жана башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү берилген жараксыз дипломдорду алмаштыруу үчүн «Буйрутма-Арыз» жөнөтөт.

          5.14. Эгерде башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө өз убагында алынбаган документти же анын дубликатын берүү учурунда окуу жайдын жетекчилигинин курамы өзгөрсө, документке дубликат берилген учурда иштеген жетекчинин, бүтүрүүчү квалификациялык комиссиянын иштеп жаткан төрагасынын жана окуу жайдын директорунун орун басарынын колу коюлушу керек.

         5.15. Окуу жай жоюлган учурда башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү бардык документтер кабыл алуу актысы боюнча укук улантуучу окуу жайга өткөрүлүп берилет.

 

6.  Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик үлгүдөгү документтерин эсепке алуу жана сактоо

 

6.1. Билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ тууралуу маалыматты эсепке алуу жана сактоо документтердин электрондук реестринде жүргүзүлөт. Электрондук реестрдин маалыматтары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу адамдарына гана жеткиликтүү болот.

6.2. Мамлекеттик үлгүдөгү билим жөнүндө ар бир документке Министрликтин ведомстволук СББ ММ тарабынан уникалдуу идентификатор ыйгарылат, ал электрондук реестрге киргизилет.

6.3. Электрондук алып жүрүүчүдөгү документтерди электрондук реестрде сактоо мөөнөтү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген билим берүү уюмунун иш номенклатурасына ылайык 75 жылдан кем эмес убакытты түзөт.

6.4. Зарыл болгон учурда электрондук реестрдеги маалымат модификацияланышы мүмкүн, мисалы, документтердин дубликаттарын берүүдө же окуучунун жеке маалыматтарын өзгөртүүдө.

6.5. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана купуя маалыматты коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык реестрлердин сакталышын жана санкцияланбаган кирүүдөн, көчүрүүдөн же бузуудан корголушун камсыз кылуучу маалыматтардын коопсуз жана ишенимдүү сактагычында сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.

6.6. Маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн бузулгандыгы же ал жоголгону аныкталган учурда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматты калыбына келтирүү жана ушундай инциденттерди болтурбоо үчүн шашылыш чараларды көрөт.

6.7. Маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн маалыматтын резервдик көчүрмөсү жана архивациялоо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

6.8. Окуу жайлар алынган мамлекеттик үлгүдөгү бланктардын эсебин мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүнүн атайын китептеринде номерлерин көрсөтүү менен жүргүзөт. Окуу жайда мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү боюнча төмөнкү китептер жүргүзүлөт:

- башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдорду берүү китеби;

- сертификаттарды берүү китеби;

- жалпы орто билим жөнүндө аттестаттарды берүү китеби.

6.9. Окуу жай окууну расмий аяктагандан кийин билим жөнүндө документтерди берүүгө милдеттүү.

6.10. Так отчеттук документтерди сактоонун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

- журналдар - 5 жыл, андан кийин журналдардан жетишүүлөрдү эсепке алуунун жыйынды ведомосттору алынат, алар 25 жыл сакталат;

- аттары жазылган китеп - 75 жыл;

- мамлекеттик үлгүдөгү документтердин бланктарын берүү китеби - 75 жыл;

- бүтүрүүчү квалификациялык экзамендердин протоколдору - 75 жыл.

6.11. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү китебине кол коюлууга, алардын барактарына номер коюлууга тийиш. Китептер көктөлөт жана окуу жайдын жетекчисинин, жооптуу адамдын колу коюлуп, гербдүү мөөр басылат.

6.12. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү китептеринде чыгаруу жөнүндө буйруктун номери, педагогикалык кеңештин протоколунун датасы жана номери милдеттүү түрдө коюлат. 

6.13. Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө документтердин бланктарын эсепке алуу жана берүү китептериндеги бардык жазуулар так жана тыкан жүргүзүлүүгө тийиш. Кандайдыр бир оңдоолорго, тазалоолорго жана сызыктарга жол берилбейт. Зарыл болгон оңдоолор, ошондой эле билим берүү жөнүндө документтердин өз убагында алынбагандыгына байланыштуу алардын берилгендиги жөнүндөгү кийинки бардык жазуулар окуу жайдын жетекчисинин колу менен ырасталат.

6.14. Ар бир окуу жай мамлекеттик үлгүдөгү документтердин бланктары жоголгон учурда, жоголгон бланктардын номерлерин жана алар жоголгон жагдайларды көрсөтүү менен бул тууралуу тиешелүү ички иштер органдарына жана Министрликке кабарлоого милдеттүү.

6.15. Жүйөлүү себептер менен белгиленген мөөнөттө бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди тапшырбаган окуучуларга даярдалган мамлекеттик үлгүдөгү документ берилбейт жана бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди кайталап тапшырганга чейин 6 айдын ичинде окуу жайда сакталат.

6.16. Квалификациялык экзамен кайра тапшырылбаган учурда окуу жай документти жок кылуу жөнүндө буйрук чыгарат, документ белгиленген тартипте жок кылынат, ал жөнүндө акт түзүлөт. Диплом берүү китебинде экзаменден өтпөгөн окуучунун фамилиясынын тушуна документ жок кылынды деп жазылат, жок кылынган дипломдун реквизиттери жана буйруктун номери көрсөтүлөт.  Мамлекеттик үлгүдөгү берилбеген документтерди андан ары сактоого уруксат берилбейт.

6.17. Эгерде бүтүрүүчү квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырып, бирок ага көз каранды болбогон себептер боюнча (мисалы, кетүүсүнө, оорусуна ж.б. байланыштуу) мамлекеттик үлгүдөгү документти ала албаса, бул документ окуу жайдын архивинде 75 жыл сакталат. Мындан тышкары, бүтүрүүчүнүн ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө окуу жай документтин бар экендиги жана анын окуу жайдын архивинде сакталышы жөнүндө билдирүү катын жөнөтөт.

6.18. ЖАКтын алдындагы кесиптик окуу жайларда окуу жайды аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар белгиленген тартипте сактоо үчүн түзөтүү мекемесинин атайын бөлүгүнө берилет. Окуучунун арызынын негизинде документ анын ата-энесине, туугандарына же мыйзамдуу өкүлдөрүнө ишеним кат боюнча берилиши мүмкүн.

 

7. Жоопкерчилик, отчеттуулук жана контролдоо

 

7.1. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди алуу, эсепке алуу, берүү жана сактоо тартибин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик окуу жайдын жетекчисине жүктөлөт.

7.2. Окуу жайларда мамлекеттик үлгүдөгү документтердин бланктарын алуу, эсепке алуу жана сактоо үчүн, ошондой эле так отчеттук бланктар алынган жана берилген бланктарды, коштомо кагаздарды, ишеним каттарды жана тил каттарды эсепке алуу китебин жүргүзүү үчүн жоопкерчилик окуу жайдын директорунун орун басарларынын бирине директордун буйругу менен жүктөлөт.

7.3. Так отчеттук бланктарды алууга, эсепке алууга жана сактоого жаңы жооптуу адам дайындалганда, ошондой эле окуу жайдын жетекчиси алмашканда пайдаланылбаган бланктардын номерлерин көрсөтүү менен жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү китебин өткөрүп берүү актысы түзүлөт. Актыда так отчеттук бланктардын сакталышынын жана эсепке алынышынын абалы милдеттүү түрдө өзүнчө пункт менен көрсөтүлөт.

7.4. Окуу жайларда мамлекеттик үлгүдөгү документтердин берилишин, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин туура сакталышын жана жүргүзүлүшүн контролдоо окуу жайдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

7.5. Бул Жобо башталгыч кесиптик билим берүү системасында иштеген бардык окуу жайларга жайылтылат.

 

                                                                                                                                          1-тиркеме

            Кыргыз Республикасынын

            Билим берүү жана илим министрлигинин

            2025-ж. “11”февралындагы
            №165/1 буйругуна тиркеме

 

Кыска мөөнөттүү курстардын сертификаттарын алуу үчүн документтердин тизмеси

  1. Фирмалык бланкта чыгыш номери менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өтүнүч кат (себебин, окуу мөөнөтүн, бүтүрүү датасын, кесиптин аталышын, сертификаттардын санын көрсөтүү менен, директордун кол тамгасы менен).
  2. Окууга кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү окуучулардын идентификациялык жеке номери менен (ИЖН) (окуу жайдын директорунун кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).
  3. Окууну бүтүргөндүгү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү окуучулардын идентификациялык жеке номери менен (ИЖН) (окуу жайдын директорунун кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).
  4. Төлөнгөндүгү жөнүндө чек (квитанция).
  5. Ишеним кат (толугу менен толтурулган, мөөр жана кол тамга коюлган).
  6. Кыска мөөнөттүү курстардын бардык бүтүрүүчүлөрү Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына (ИСУО) киргизилиши жана андан чыгарылышы керек. Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасында (ИСУО) бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда сертификаттар берилбейт.

 

                                                                    2-тиркеме

 

                       Кыргыз Республикасынын

                       Билим берүү жана илим министрлигинин

                       2025-ж. “11” февралындагы №165/1
                       буйругуна тиркеме

Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин дубликатын даярдоо үчүн документтердин тизмеси

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өтүнүч кат (себебин, окуган жылын, бүтүргөн жылын, кесибин, документтин номерин көрсөтүү менен).
  2. Окуу жайдын директорунун атына арыз (арыз ээси кайрылуунун себебин көрсөтөт).
  3. Арыз ээсинин паспортунун мөөр жана окуу жайдын директорунун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аттестаттын дубликаты үчүн — туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү милдеттүү).
  4. Документ жоголгон учурда - табылгалар столунан (же жашаган жери боюнча милициянын райондук бөлүмүнөн) маалымкат жана жоголгон документтин номерин көрсөтүү менен жараксыздыгы жөнүндө гезиттеги жарыя.
  5. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү китебинен көчүрмө (окуу жайдын директорунун кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).
  6. Аты-жөнү өзгөргөн учурда - Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар