Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 85

Кесиптик лицейлердин жана кесиптик окуу жайлардын окуучуларын этап-этабы менен аттестациялоо жөнүндө Жобо

         

Кыргыз Республикасынын  

Билим берүү жана илим

                                                                             министрлигинин 2024-жылдын                                                                                       «29-майындагы»

                                                                             №823/1 буйругу менен бекитилген

 

Кесиптик лицейлердин жана кесиптик окуу жайлардын окуучуларын этап-этабы менен аттестациялоо жөнүндө

ЖОБО

Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  8-майындагы № 220  “Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик  укуктук актылар жөнүндө” токтому менен бекитилген  Кесиптик  башталгыч билим берүү   уюмдарынын түрлөрү  жөнүндө  жобого ылайык жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу жайлар үчүн өндүрүштүк окутууну жана өндүрүштүк практиканы уюштуруунун тартибин аныктайт.

1. Этап-этабы менен аттестациялоо окутуунун жана өндүрүштүк эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү программасынын алкагында ээ болгон кесиптик компетенцияларды өздөштүрүү даражасын жана иш жүзүндө көрсөтө билүү жөндөмүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.

2. Окуучуларды этап-этабы менен аттестациялоо окуу мөөнөтүнө карабастан биринчи окуу жылынын аягынан баштап, андан ары ар бир жарым жылда жүргүзүлөт. Этап-этабы менен аттестациялоо билим берүү уюмдарынын окуу-өндүрүштүк устаканаларында жүргүзүлөт. Окуу жылынын аягында этап-этабы менен аттестациялоо окуучулардын бүтүрүүчү өндүрүштүк практикасына чейин пландаштырылат. Текшерүү же комплекстүү иштердин жыйынтыктары этаб-этабы менен аттестациялоо болуп саналбайт.

Окуучулардын иштерди аткаруусу жана аларды аттестациялоо өндүрүштүк окутууга бөлүнгөн убакыттын эсебинен жүргүзүлөт.

  Аттестацияга келбеген же кандайдыр бир себептер менен аттестациядан өтпөгөн окуучулар билим берүү уюмунун жетекчилиги белгилеген мөөнөттө кайрадан аттестациялоого киргизилиши мүмкүн.

3. Этап-этабы менен аттестациялоо өндүрүштүк окутуу программаларында каралган текшерүү же практикалык иштерди өз алдынча аткаруудан турат, этап-этабы менен аттестациялоону өткөрүү боюнча комиссия практикалык тапшырмаларды аткаруунун сапатын баалайт, окуучулардын иш жүзүндөгү билим деңгээлин, жөндөмдөрүн аныктайт. Этап-этабы менен аттестациялоого 6 саат бөлүнөт.

4. Этап-этабы менен аттестациялоо үчүн комиссия улук мастердин жетекчилиги алдында анын иши башталганга чейин 10 күндөн кем эмес убакытта түзүлөт. Анын курамына өндүрүштүк окутуу мастерлери, жалпы техникалык жана атайын предметтердин окутуучулары, ишканалардын өкүлдөрү кирет.

5. Этап-этабы менен аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча окуучуларга кесиптер тобуна кирген бир же бир нече адистиктер боюнча квалификациянын тиешелүү деңгээли (разряд, класс, категория) ыйгарылышы мүмкүн. Эгерде даярдалып жаткан кесиптер боюнча разряддарды ыйгаруу каралбаса, окуучуларга бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди тапшырууда эске алынуучу баа же зачет коюлат. Разрядды, классты, категорияны ыйгаруу квалификациялык мүнөздөмөнүн жана программалардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

6. Аттестациянын жыйынтыктарынын негизинде комиссия билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешине төмөнкү сунуштарды киргизет:

- окууда жана өндүрүштүк окутууда мыкты окуган окуучуларды сыйлоо жөнүндө.

7. Аттестациянын жыйынтыктарын талдоонун негизинде кесиптик даярдоонун сапатын жакшыртуу, өндүрүштүк окутуу, жалпы техникалык, атайын жана башка предметтер боюнча окуучулардын билимдериндеги, жөндөмдөрүндөгү жана көндүмдөрүндөгү кенемтелерди жоюу боюнча чаралар белгиленет жана жүзөгө ашырылат.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар