Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 87

Башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларын өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын  «29-майындагы»

 №825/1 буйругу менен бекитилген

Башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларын өндүрүштүк окутуу

жана өндүрүштүк практика жөнүндө

ЖОБО

 

Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  8-майындагы № 220  “Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик  укуктук актылар жөнүндө” токтому менен бекитилген  Кесиптик  башталгыч билим берүү   уюмдарынын түрлөрү  жөнүндө  жобого ылайык жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу жайлар үчүн өндүрүштүк окутууну жана өндүрүштүк практиканы уюштуруунун тартибин аныктайт.

1. Жалпы жоболор

1. Өндүрүштүк окутуу – окуучуларды кесиптик даярдоонун негизи. Өндүрүштүк окутуу окуучулардын окуу-өндүрүштүк иштерди аткаруу процессинде өндүрүштүк окутуу мастерлеринин жетекчилиги астында окуу-өндүрүштүк устаканаларда, полигондордо, окуу чарбаларында, лабораторияларда ишке ашырылат.

2. Өндүрүштүк окутуунун негизги максаты – окуучулардын кесиптик компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ болуусу.

3. Өндүрүштүк окутуу белгиленген тартипте бекитилген башталгыч кесиптик билим берүүнүн кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык пландаштырылат жана өткөрүлөт. Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык өндүрүштүк окутууга жана өндүрүштүк практикага окуу убактысынын 50 - 70% бөлүнөт. Өндүрүштүк окутуу милдеттүү түрдө ар бир курста, жумасына 6 сааттан кем эмес, өндүрүштүк окутуу сабагынын этаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керек.

4. Өндүрүштүк практика окуучуларды өндүрүштүк окутуунун акыркы этабы болуп саналат жана окуучулардын конкреттүү өндүрүштүк шарттарда ээ болгон адистиги боюнча квалификациялык деңгээлине ылайык келген ишти өз алдынча, сапаттуу аткара алышына багытталган.

5. Бүтүрүүчү курстун өндүрүштүк практика мезгилинде окуучулар өндүрүштүк практиканын программасына ылайык окуу-өндүрүштүк иштердин тизмесине ылайык практикалык тапшырмаларды өз алдынча аткарышат. Өндүрүштүк практиканын жыйынтыктары боюнча лицейдин жетекчилиги бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Өндүрүштүк окутууну уюштуруу

6.  Өндүрүштүк окутуу төмөнкүлөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • окуу-өндүрүштүк устаканаларда, лабораторияларда, лицейдин окуу полигондорунда, лицейлердин окуу чарбаларында;
  • өндүрүш шарттарында (дуалдык окутууда).

7. Окуу-өндүрүштүк тапшырмалардын көлөмү, мазмуну жана аткаруу тартиби Окуу-өндүрүштүк иштердин тизмесинде жана нускама-технологиялык картада көрсөтүлөт.

8. Кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуу мастерлери милдеттүү түрдө төмөнкү окуу-пландоочу документтерди тариздөөгө тийиш:

- өндүрүштүк окутуу журналы;

- перспективалык-тематикалык план;

- окуу-өндүрүштүк иштердин тизмеси;

- сабактардын планы (окуу-дидактикалык материал);

- нускама-технологиялык карта.

9. Окуу-өндүрүштүк устаканаларда өндүрүштүк окутуу.

Окутуу кесиптик лицейдин окуу-өндүрүштүк устаканаларында тиешелүү кесипке мүнөздүү жана окуу-өндүрүштүк багыттагы иштерди аткаруу процессинде окуп жаткан кесип боюнча жалпы жана кесиптик көндүмдөрдү андан ары өздөштүрүү үчүн зарыл болгон технологиялык ыкмалар, операциялар жана иштерди аткаруу ыкмалары боюнча жүргүзүлөт. Бардык даярдалган буюмдар жана окуу-өндүрүштүк устаканаларда аткарылган иштер боюнча нускама-технологиялык карта болушу керек.

10. Окуу полигондорунда өндүрүштүк окутуу

Бекитилген ченемдерге ылайык жабдылган окуу полигондорунда окуучулар трактор, автомобиль, экскаватор, башка өзү жүрүүчү айыл чарба машиналарын айдоого, тоо-кен казып алуу жана туризм тармагынын окуучулары окутулат.

         Транспорт каражаттарын айдоо боюнча сабактарды айдоочулукка окутуу укугуна күбөлүгү бар топтун мастери өткөрөт. Айдоочулукка окутуу лицейдин жетекчилиги тарабынан бекитилген графикке ылайык даярдоонун биринчи айынан баштап ар бир окуучу менен жекече жүргүзүлөт.

11. Окуу чарбасында өндүрүштүк окутуу (айыл чарба багытындагы окуу жайлар үчүн)

Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбасында айыл чарба жумуштарын аткаруу боюнча окуучуларды окутуу талааларда жана фермердик окуу чарбаларында өндүрүштүк окутуу мастерлеринин жетекчилиги астында жүргүзүлөт.

         Мында окуу тобу 2 кичи топко бөлүнөт (кичи топтор звенолорго бөлүнөт) жана тапшырмаларды аткаруу үчүн ар бир звено тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынат.

         12. Өндүрүш шарттарында өндүрүштүк окутуу Дуалдык окутуу жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

        

                  3. Өндүрүштүк практиканы уюштуруу

13. Өндүрүштүк практиканын негизги милдети – окутулуп жаткан кесипке, квалификацияга карата кесиптик стандарттарда (квалификациялык талаптарда) каралган билимдерди, жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү бекемдөө.

14. Окуучулар өндүрүштүк практикага кесип боюнча теориялык окутуунун окуу программаларынын тиешелүү бөлүмдөрүн, өндүрүштүк окутуу программасында каралган коопсуздук техникасын өздөштүргөндөн кийин гана жиберилет.

15. Өндүрүштүк практиканы жүргүзүү мөөнөтү, окуучулар тарабынан аткарылуучу иштердин мазмуну жана көлөмү Мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бекитилген окуу пландарына жана программаларына ылайык аныкталат.

Билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен билим берүү мекемесинин негизделген өтүнүчүнүн негизинде туризм тармагынын, тейлөө чөйрөсүнүн, коомдук тамактануу кесиптерин кошпогондо, жайкы каникул мезгилинде окуучулардын өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө тыюу салынат.

16. Окуучунун өндүрүштүк практикадагы жумуш күнүнүн узактыгы кесиби боюнча окуу планында каралган өндүрүштүк окутуу боюнча жумалык окуу жүктөмүнө ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумуш күнүнүн узактыгынан ашпайт.

17. Окуучулардын өндүрүштүк практикасы уюм жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун ортосунда түзүлгөн түздөн-түз келишимдердин негизинде ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы уюмдарда жана ишканаларда өткөрүлөт. (№1 тиркеме Окуучулардын өндүрүштүк практикасы жөнүндө типтүү келишим).

18. Өндүрүштүк практиканы уюштурууга жалпы жетекчиликти улук мастер ишке ашырат. Өзүнчө топтун окуучуларына өндүрүштүк практикадан өтүү учурунда ишканада өндүрүштүк окутуу мастери бекитилет, ал төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

  • окуучу – практиканттарды кесиби боюнча адистигине жараша жумуш орундарына туура бөлүштүрүү;
  • окуу планына жана өндүрүштүк практиканын программасына ылайык иштерди аткаруу;
  • окуучулардын эмгек тартибин, эмгектин коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо;
  • жабдууларга жана шаймандарга аяр мамиле кылуу;
  • материалдарды жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу;
  • окуучуларды өндүрүштүк дисциплинага тарбиялоо;
  • белгиленген өндүрүштүк ченемдерди аткаруу;
  • окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу.

19. Окуучулар практикант катары кабыл алынган учурдан тартып, алар ишканада же уюмда колдонулган коопсуздук, эмгекти коргоо эрежелерине баш ийишет.

20. Өндүрүштүк практика учурунда окуучулар бекитилген өндүрүштүк практиканын программасына ылайык күндөлүк жүргүзүшөт, анда аткарылган иштер жана ишкананын же уюмдун кызматкеринин аткарылган иштерге берилген баасы чагылдырылат. Практикадан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча ишкана практикадан өтүү жөнүндө окуучуга пикир даярдайт жана окуучунун өндүрүштүк мүнөздөмөсүн берет. (№2 тиркеме Өндүрүштүк мүнөздөмө). Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы боюнча окуучулар өндүрүштүк практиканын жыйынтыктары жөнүндө отчетторду тапшырышат (өндүрүштүк практика жөнүндө күндөлүк, тиешелүү квалификацияны ыйгаруу жөнүндө сунуш менен ишкананын өндүрүштүк мүнөздөмөсү).

Окуу бүтүрүүчү квалификациялык экзамен менен аяктайт.

21. Окуу жайдын өндүрүштүк окутуу мастерлери окуучулардын практикасына окуу-методикалык жетекчиликти жүзөгө ашырат, окуучулардын жабдылган жумуш орундары, сырье, материалдар, окуу программаларынын талаптарына ылайык келген өндүрүштүк тапшырмалар менен өз убагында камсыз болушуна байкоо жүргүзөт. 

22. Эгерде ишкана же уюм өндүрүштүк практиканын башталышына карата келишимге ылайык окуучу – практиканттар үчүн иштөө үчүн зарыл шарттарды камсыз кылбаса, окуу жай бул ишкана менен келишимди бузууга укуктуу.

23. Жетим окуучулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, адистештирилген реабилитациялык топтордогу окуучулар өндүрүштүк окутуудан жана практикадан өтүү үчүн орундар менен биринчи кезекте камсыз кылынат.

4. Окуучулардын эмгек акысы

24. Өндүрүштүк практика учурунда өндүрүштүк тапшырмага ылайык окуучулар аткарган иштер үчүн ишкана аларга келишимдин негизинде эмгек акы чегерет.

Өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн компенсация катары окуучулардын стипендиясынан же тамактанууга каражаттан кандайдыр бир кармап калууларга тыюу салынат.

25. Кесиптик лицейлердин окуучуларынан кандайдыр бир акча чогултууга тыюу салынат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№1 тиркеме

 

 

 

Окуучулардын өндүрүштүк практикасы жөнүндө

типтүү келишим

№______ КЛ г., с., п.г.т. __________________

 

20____-жылдын “____” _____________

 

Бул келишим №________ кесиптик лицей менен

г.,с., п.г.т._________________ лицейдин директору ___________________ атынан,

мындан ары “ЛИЦЕЙ” деп аталуучу, бир жагынан жана ___________________________

____________________________________________________________________________

(ишкананын, уюмдун аталышы)

______________________________________________________________________ атынан

(кызмат орду, аты-жөнү)

_________________________________________________________________________________________________________________

 

 

Мындан ары “ИШКАНА” деп аталуучу, экинчи жагынан ушул келишимди түзүштү.

 

  1. ЛИЦЕЙ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:

1.1. Квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окуу пландарын жана программаларын жетекчиликке алуу менен 20____-жылдын “____” ____________ “_____” __________ чейин ______ адамды өндүрүштүк практикага жиберүүгө, ошол эле учурда окуу программасын аткарууну жана окуучулардын кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүн камсыз кылууга.

1.2. Окуучулардын өндүрүштүк практикасы жөнүндө жобого ылайык:

  • алдын ала кесиптик даярдоону камсыз кылууга;
  • окуучулардын жумуш орундарында жана ишкананын аймагында жүрүм-турум эрежелерин сактоосун камсыз кылууга;
  • эмгек коопсуздугун, өрт коопсуздугун жана санитария талаптарын сактоого.

1.3. Лицей өндүрүштүк окутуу мастерлери аркылуу окуу иштерин уюштурууну жана окуучулардын практикасына методикалык жетекчиликти камсыз кылат.

 

  1. “ИШКАНА” ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:

2.1. Окуучуларга кесибине ылайык жабдылган жумуш орундарын берүүгө, аларды өндүрүштүк тапшырмалар, документтер, техникалык тейлөө, керектүү жабдуулар, шаймандар, инвентарь менен өндүрүштүк практика мезгилинде камсыз кылууга, окуу программасынын аткарылышын жана окуучулардын кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүн камсыз кылууга.

2.2. Практика учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, ооруп калган жана өндүрүштүк жаракат алган учурда жардам көрсөтүүгө;

2.3. Өндүрүштүк практикага айына ___________________ өлчөмдө акы төлөөгө;

2.4. Практиканын жыйынтыгы боюнча ар бир окуучу – практиканттын өндүрүштүк мүнөздөмөсүн “ЛИЦЕЙГЕ” берүүгө.

 3. Окуучуларга окуу программаларынын талаптарына жооп берген жумуш орундары берилбеген, системалуу түрдө иш тапшырылбаган жана коопсуздук шарттары камсыз кылынбаган, ошондой эле окуучуларды адистиги боюнча эмес башка жумуштарда пайдаланган учурда “ЛИЦЕЙ” бул келишимди бузууга укуктуу.

4. Өндүрүштүк практикадан өтүү убактысы _____ саат (акы төлөмө негизде кошумча убакыт окуучулар менен жекече сүйлөшүлөт).

5. Зарыл болгон учурда “ИШКАНА” кесиптик лицейдин окуучуларын турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылат.

 

ТАРАПТАРДЫН КОШУМЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ:

Ушул Келишим боюнча келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер КТО агенттигине билдирилет жана белгиленген тартипте чечилет.

Келишимдин жарактуулук мөөнөтү 20____-ж. “____” _____________ 20____-ж. “____” ______________ чейин.

Бул Келишим ______ нускада түзүлдү, алардын ар бири юридикалык күчкө ээ жана ар бир тарапта _____ нускада сакталат.

 

 

Тараптардын кол тамгалары жана юридикалык даректери:

 

“ЛИЦЕЙ”                                                                                               “ИШКАНА”

__________________________                                               ____________________________

__________________________                                               ____________________________

__________________________                                               ____________________________

__________________________                                               ____________________________

__________________________                                               ____________________________

__________________________                                               ____________________________

 

               М.О.                                                                                              М.О. 

         №2 тиркеме

 

Өндүрүштүк мүнөздөмө

 

 

№ ___________________________________________________________________________ лицейдин

(лицейдин аталышы)

 

_______________________________________________ кесип боюнча № __________________ топтун

 

 ______________________________________________________________________ окуучусуна

 

Окуучу __________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

 

Өндүрүштүк практикадан өтүү (өндүрүштүк окутуу) мезгилинде

 

 __________________________________________________________________________________

(уюмдун, ишкананын, ферманын аталышы)

 

20___-ж. ____________________ 20____-ж. ____________________ иштеди

 

 

жана ___________________________________________________________________________________

 

__________________________________________________________________________ жумуш орундарында

(иштердин жана жумуш орундарынын тизмеси)

 

__________________ разряддагы, (класстагы) ________________ иштерди аткарды

 

  1. ишти аткаруунун сапаты ____________________________________________________

(баа)

  1. 20____-ж. ______________________ 20___-ж.__________________________________________________

 

_______________________________________________________________________________ мезгил үчүн өндүрүштүк ченемдерди аткаруу

_______________________________________________________________________________

(окуу программасын толук өздөштүрүү)

 

3. Технологиялык процессти билүү, шаймандарды жана жабдууларды колдоно билүү

       _______________________________________________________________________________

 

       _______________________________________________________________________________

(кеңири пикир)

 

4.Эмгек тартиби __________________________________________________________

 

___________________________________________________________________ кесип боюнча

 

_______________________________________________________________________________

 

__________________________________________ тарифтик разрядка/ класска ж.б татыктуу

 

 

Участоктун (цехтин) начальниги Фермер_________________________

(кереги жогун сызып салуу)

Мастер (бригадир)          _________________________________

 

Өндүрүштүк окутуу мастери ______________________

 

Эскертүү. Өндүрүштүк мүнөздөмөнүн формасы болжолдуу жана анын мазмунун кесипке жараша өзгөртүүгө болот.

20____-ж. “_______” _________________

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар