Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 97

Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Жобо

                                                                                                    

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим

министрлигинин 2024-жылдын,   

«29» №826/1 буйругу менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобо

  1. Жалпы жоболор

Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  8-майындагы № 220  “Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик  укуктук актылар жөнүндө” токтому менен бекитилген  Кесиптик  башталгыч билим берүү   уюмдарынын түрлөрү  жөнүндө  жобого ылайык жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу жайлар үчүн өндүрүштүк окутууну жана өндүрүштүк практиканы уюштуруунун тартибин аныктайт.

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн бардык билим берүү уюмдарында, ошондой эле ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында кесип боюнча окутуу квалификациялык экзамендер менен аяктайт.

Иш берүүчүлөрдүн түздөн-түз катышуусу менен демонстрациялык режимде окуучулардын даярдыгынын деңгээлин жана белгилүү квалификацияга шайкештигин аныктоочу көз карандысыз сертификациянын элементтерин киргизүү милдеттүү болуп саналат.

                                              

  1. Квалификациялык экзамендерди өткөрүүнүн максаттары жана милдеттери

 

1.      Көз карандысыз сертификациянын элементтери менен бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди уюштуруунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн алган квалификациясына шайкештигин баалоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;

- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын аткарылышын контролдоо.

2. Милдеттери:

- натыйжалуу социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;

- окуучуларды окутуунун натыйжаларын баалоо процессине иш берүүчүлөрдү максималдуу тартуу;

- алынган билимдердин жана көндүмдөрдүн шайкештигин аныктоо, ошондой эле ушул негизде тиешелүү квалификацияны жана разряддарды ыйгаруу;

- эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген кадрларды даярдоону камсыз кылуу жана даярдалып жаткан кадрлардын ички жана тышкы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

 

3. Даярдоо этабы

3. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге толук окуу курсунун аягында, профилдик жана атайын предметтер боюнча жыйынтыктоочу экзамендерди тапшырган, ошондой эле өндүрүштүк практикадан өткөн окуучулар киргизилет.

4. Квалификациялык экзамендин мазмуну тиешелүү кесиптер боюнча кесиптик стандарттарда көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын чегинде түзүлөт жана бекитилген (типтүү) окуу планына ылайык тиешелүү билим берүү программасын өздөштүрүүнүн чегинде ишке ашырылат.

5. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамен белгилүү бир практикалык тапшырманы аткаруу процессинде окуу мезгилинде окуучулардын жетишкен жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн жана алган билимдерин көрсөтүүнү жана аңгемелешүү учурунда аны аткаруу тартибин түшүндүрүүнү божомолдойт.

6. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди кабыл алуу үчүн экзамендик комиссиялар түзүлөт, алардын курамы директордун буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп даярдоонун тиешелүү профили боюнча ишкананын (өндүрүштүн) өкүлү дайындалат.

7. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана билим берүү уюмунун кызматкерлери экзамендик комиссиянын төрагасы боло албайт, ошондой эле экзамендик комиссиянын ишине таасир эте албайт.

8. Экзамендик комиссиялардын курамына иш берүүчүлөр, ошондой эле аймактык мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, бир профилдүү окуу жайлардын өндүрүштүк окутуу мастерлеринин ичинен өкүлдөр, көзөмөлчүлүк кеңешинин жана башка коомдук уюмдардын мүчөлөрү кириши керек (5 адамдан көп эмес).

9. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамен билим берүү уюмунун окуу-өндүрүштүк устаканаларында өткөрүлөт. Окуучулар үчүн экзамен ишкана менен келишим боюнча ишкананын базасында уюштурулушу мүмкүн. Бул учурда экзамендик комиссия ошол ишкананын тиешелүү кесиптеги адистеринин жана квалификациялуу жумушчуларынын ичинен түзүлөт.

10. Экзамендерди өткөрүү мезгилинде талаш маселелерди кароо үчүн билим берүү уюмунда аппеляциялык комиссия түзүлөт, анын курамы директордун буйругу менен бекитилет. Аппеляциялык комиссия өз ишин экзамендик комиссия менен бир мезгилде баштайт.

3. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү

11. Билим берүү уюму окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык бүтүрүүчү квалификациялык экзамендердин мөөнөтүн аныктайт жана аларды өткөрүүдөн 2 жума мурун ыраттама түзөт. Бүтүрүүчү квалификациялык экзаменди өткөрүү үчүн убакыттын жол берилген ченеми квалификациялык талаптарга ылайык жана кесиптин татаалдыгына жараша тармактын иш берүүчүлөрү менен биргеликте аныкталат (оптималдуу – 6 саат).

12. Экзамен башталганга чейин экзамендик комиссиянын катчысы төмөнкү документтердин болушун камсыз кылат:

- билим берүү уюмунун экзамендерге киргизүү жөнүндө буйругу;

- экзамен өткөрүү жөнүндө протоколдун бланкы;

- Окуу-өндүрүштүк иштердин тизмесине ылайык нускама-технологиялык карта;

- бекитилген окуу планы жана окутуу процессинде аткарууга милдеттүү болгон окуу-өндүрүштүк иштердин тизмеси;

- өздөштүрүлгөн теориялык жана атайын предметтер боюнча жыйынтыктоочу баалар менен журнал;

- ар бир окуучунун өндүрүштүк практикадан өткөндүгү жөнүндө отчету (күндөлүк, өндүрүштүк мүнөздөмө).

13. Экзамен башталганга чейин экзамендик комиссиянын төрагасы окуучуларды экзаменди өткөрүү тартиби, тапшырмаларды аткаруу процессинде окуучулардын жүрүм-турум эрежелери, ошондой эле алган баа менен макул болбогон учурда даттануу укугу менен тааныштырат.

14. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамен эки бөлүктөн турат: комплекстүү практикалык тапшырманы аткаруу жана предметтик маектешүү. Практикалык бөлүктө кесиптик компетенциялар, предметтик аңгемелешүүдө практикалык тапшырманы аткарууга байланышкан билимдер жана жөндөмдөр бааланат. Темалардын тизмеси жана практикалык квалификациялык иштердин мазмуну окуучу окуган кесиптин квалификациялык мүнөздөмөсүндө каралган талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

15. Экзамендин теориялык жана практикалык тапшырмалары кесиптик жана билим берүү стандарттарына ылайык окуу планынын жана программанын негизинде түзүлөт. Экзамендик тапшырмалар методикалык секцияларда (бирикмелерде) каралган жана бекитилген Окуу-өндүрүштүк иштердин тизмесинин негизинде иштелип чыгат.

16. Экзамендик тапшырманын демонстрациялык бөлүгү комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык өзүнчө бааланат.

17. Предметтик аңгемелешүү комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан ар бир окуучу менен өзүнчө өткөрүлөт, бирок аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча бааны ар бир экзаменатор өз алдынча коет. Баалоонун жыйынтыгы боюнча жалпыланган жана жыйынтыктоочу баа чыгарылат.

18. Экзаменди тапшыруунун жыйынтыгы “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандыраарлык”, “канааттандыраарлык эмес” деген шкала боюнча аныкталат. Жыйынтыгы боюнча экзамендик комиссия бааны протоколго киргизет жана кесиби боюнча тиешелүү квалификацияны, разряддарды (класстарды, категорияларды) ыйгаруу жөнүндө, ошондой эле билими жөнүндө документти берүү тууралуу чечим кабыл алат.  Комиссиянын чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендердин жыйынтыктары комиссиянын отурумдарынын протоколдору белгиленген тартипте таризделгенден кийин ошол эле күнү жарыяланат.

19. Акыркы жана объективдүү чечим кабыл алуу үчүн экзамендик комиссия окуу планындагы бардык профилдик предметтер боюнча экзамен тапшырган ар бир окуучунун жетишкендиктеринин жыйынтыктоочу бааларын, өндүрүштүк практика жөнүндө отчетторду, бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге киргизүү жөнүндө буйрукту карайт. Мында жыйынтыктоочу баа учурдагы баалоолордун негизинде төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес. Талаш-тартыш болгон учурларда чечүүчү сөз экзамендик комиссиянын төрагасына таандык.

20. Квалификациялык мүнөздөмө менен белгиленгенден жогору разряддар, эгерде окуучуга татаалдыгынын даражасы квалификациялык мүнөздөмөдө каралгандан кыйла жогору дипломдук иш тапшырылган болсо жана ал тиешелүү ченемдер боюнча аткарылган учурда гана ыйгарылышы мүмкүн, бул экзамендик комиссиянын протоколунда чагылдырылууга тийиш.

21.  Экзамендик комиссиясынын бардык чечимдери ар бир этапта протокол менен таризделет. Ошондой эле протоколго экзамендик комиссиянын ар бир мүчөсү айта ала турган өзгөчө пикир жазылат. Экзамендин протоколдоруна (№1 тиркеме) комиссиянын төрагасы же анын орун басары, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат.

6. Жыйынтыктоочу шарттар

22. Бүтүрүүчү квалификациялык экзаменди аткаруунун жыйынтыгы боюнча канааттандыраарлык эмес баа берилгенде же экзаменге киргизилбеген учурда окуучу 6 (алты) айдан кийин экзаменди кайра тапшырууга укуктуу.

Бүтүрүүчү квалификациялык экзаменден өтпөй калган же экзаменге киргизилбеген окуучуларга баалардын табелин тиркөө менен окугандыгы жөнүндө маалымкат берилет.

23. Экзаменди кайра тапшырууга киргизүү жөнүндө чечим билим берүү уюмунун Педагогикалык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

24. Бюджеттик негизде окуган топтор үчүн бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди өткөрүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ал эми бюджеттик эмес (контракттык) негизде окуган топтор үчүн чыгымдардын сметасына ылайык жүргүзүлөт.

25. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендин протоколдору он жыл, ал эми жыйынтыкталган ведомосттор - 75 жыл сакталат.

 

№1 тиркеме

 

Бүтүрүүчү квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча экзамендик комиссиянын отурумунун

ПРОТОКОЛУ

_____________________________________________________________________________

(окуу жайдын аталышы)

_____________________________________________________________________________

(окуу жайдын дареги)

Кесип _____________________________________________________________________________

Комиссиянын төрагасы

 ____________________________________________________________________________

(Аты-жөнү, кызмат орду, иштегент жери)

Төраганын орун басары ____________________________________________________________________________

(Аты-жөнү, кызмат орду, иштегент жери)

Катчы ____________________________________________________________________________

(Аты-жөнү, кызмат орду, иштегент жери)

Комиссиянын мүчөлөрү

 ___________________________________________________________________________

(Аты-жөнү, кызмат орду, иштегент жери)

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

            Жыйынтыктоочу бааны, өндүрүштүк практиканын отчетторун карап чыгып, дипломдук иштерди жактоону угуп жана окуучулардын билимин текшерип, комиссия токтом кылды:

  1. Тизмеде көрсөтүлгөн (1.1. табл.) окуучуларга окуу жайды аяктаганды жөнүндө дипломдор (сертификаттар, күбөлүктөр) берилсин жана тиешелүү квалификация ыйгарылсын.
  2. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге киргизилбеген же аларды тапшырбаган төмөндө аталган окуучуларга (1.2. табл.) ушул окуу жайда окугандыгы жөнүндө маалымкат берилсин.
    1. таблица

 

Тиешелүү квалификация ыйгарыла турган окуучулардын тизмеси

 

 

№ п/п

Бүтүрүүчүнүн аты-жөнү

Бүтүрүүчү квалификациялык экзаменде алган баа

Ыйгарылуучу кесип жана квалификация (разряд, класс, категория)

Экзамендик комиссиянын диплом (сертификат, күбөлүк) берүү жөнүндө корутундусу

1

2

3

4

5

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

М.О.                                                                                        20___-ж. “_____”_________                                                

 

Экзамендик комиссиянын

төрагасы:                                                                    _______________________

                                                                        

Төраганын орун басары:                                           ________________________

 

Катчы:                                                                         _________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 _________________________

                                                                                                     _________________________

                                                                                                     _________________________

 

 

                                                                                                                        1.2. табл.

 

Маалымкат алууга сунушталган окуучулардын тизмеси

 

№ п/п

Окуучунун аты-жөнү

Экзамендик комиссиянын корутундусу

Экзамендик комиссиянын сунуштары

1

2

3

4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

М.О.                                                                                        20___-ж. “_____”_________                                                

 

Экзамендик комиссиянын

төрагасы:                                                                    _______________________

                                                                        

Төраганын орун басары:                                           ________________________

 

Катчы:                                                                         _________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 _________________________

                                                                                                     _________________________

                                                                                                     _________________________

 

_________________________

 

 

 

№2 тиркеме

 

МААЛЫМКАТ

Берилди _____________________________________________________________________

(Аты-жөнү)

_____________________________________ жылы туулган,

ал _____________________________________________________ окуу жайына

(окуу жайдын аталышы)

тапшыргандыгы жана анда ____________________________________ кесиби боюнча

 

______________________________________________________ окугандыгы жөнүндө.

              Төмөндөгү предметтерди өздөштүрдү жана төмөндөгү баа алды:

№ п/п

Предметтин аталышы

Баа (сөз менен жазуу)

1

2

3

 

Экзамендик комиссиянын чечими боюнча

 ______________________________________________________________________

(окуучунун аты-жөнү)

_________________________________________________________________________

(экзамендик комиссиянын корутундусу жана сунуштары)

___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

М.О.

20____-ж. “____”____________                              

 

Кесиптик лицейдин (кесиптик окуу жайдын) директору  ______________

 

Катчы ______________________

 

 

№3 тиркеме

 

                      Дипломго тиркеме

 

Бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүгү

 

_____________________________________________________________________________

(Аты-жөнү)

 

Кесип _______________________________________________________________________

 

Квалификация ____________________________________________________________________

 

Квалификациялуу аткара алат

 __________________________________________________________________________

(иштердин түрүн, алардын татаалдыгын ж.б. атоо)

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Жөндөмдөрдү көрсөттү:

  1. Кесипти аркалоо боюнча:           

- өзүн башкара билүү;

- башкаруу боюнча өзүнө жоопкерчилик алууга жөндөмдүүлүк;

- тандалган кесипти урматтоо;

- документтерди түзө билүү, кат жазуу, жооп жазуу жөндөмү;

- уюштуруу техникасы менен иштөө;

- жетекчилик жана жамаат менен иштей билүү.

2. Ишкердик боюнча:

- кардарлар менен иштей билүү;

- менеджменттин негиздерин билүү;

- талдоо жөндөмү;

- финансылык абал;

3. Инсандык мүнөздө:

                                                           - демилгечилдик;

                                                           - өзүн уюштура билүү;

                                                           - жоопкерчилик;

                                                           - ишке жөндөмдүүлүк;

                                                           - тыкандык;

                                                           - боорукердик;

                                                           - жаңы нерселерде купуялуулукту сактай билүү;

                                                           - сабырдуулук;

                                                           - жана башка

                                                          

                                                          

 

Эскертүү: Бул тиркеменин экинчи бөлүгүндө (“Жөндөмдөрдү көрсөттү”) – бүтүрүүчүгө мүнөздүү болгон пункттар гана жазылат.

 

МО                                                             Директор

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар