Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Жаңыдан иштелип чыккан “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструменти талкуудан өттү

Көрүлдү: 0

Иштелип чыккан каражатты тааныштыруу иш чарасы 2-мартта, Бишкектеги К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында болуп өттү.

post.title

 

Иш чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин кызматкерлери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун,  Бишкек шаарындагы мектеп администрациясынын өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

“Педагогдордун ишинин натыйжалуулугун баалоо куралы” буга чейин Кыргызстанда апробациядан өткөн CLASS (Classroom Assessment Scoring System) каражатынын базасында улуттук инструмент катары иштелип чыкты.

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы. Каражатта сабакта байкоо жүргүзүү жана өлчөө үчүн төрт багыт аныкталган: билим берүү чөйрөсү, сабакты уюштуруу, окутуунун методикасы же стратегиясы жана баалоо.

Сырткы баалоону өткөрүү үчүн тандоо жүргүзүлдү (башталгыч жана жогорку класстардын мугалимдери): эксперименталдык топ - 120 мектеп + контролдук топ - 120 мектеп. Базалык 2023-жылдын март-апрель айларында, ал эми негизги изилдөө 2024-жылдын ноябрь айында өткөрүлөт.

Тегерек столдун катышуучулары мугалимдердин компетенцияларын калыптандырууда жана баалоодо бул куралдын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти. Инструменттин элементтерин мектептерди аккредитациялоодо, мыкты мугалим сынагына катышуучуларынын сабактарын баалоодо колдонуу, ошондой эле аны өзүн-өзү баалоо жана өзүнүн квалификациясын жогорулатуу максатында педагогикалык коомго берүү сунушталды.

Жакынкы айларда ички баалоону видеокамераларды колдонуу менен өткөрүү үчүн каражатты пайдалануу боюнча колдонмо иштелип, 60 усулчу тандалып, атайын окутуудан өтөт. Андан кийин 120 пилоттук мектеп аныкталат, ар бир усулчу экиден мектеп менен иш алып барат.

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” каражаты Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар