Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Көрүлдү: 5282

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору

 

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору

Долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Долбоордун максат жана милдеттери мамлекеттин билим берүү тармагындагы саясатына түздөн-түз байланыштуу жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына шайкеш келет.

 

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору эки багыттан турат

Компонент 1: Окутууну жакшыртуу

Бул компоненттин максаты - мектепке чейинки сапаттуу билим берүүнүн баарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана орто мектеп, мектепке даярдоочу мекемелердеги окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.  

 

Подкомпонент 1.1: Билим берүү кызматтарына тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болбой жаткан балдардын мектепке даярдыгынын деңгээлин жакшыртуу

Подкомпоненттин максаты -  жакыр айыл жергелеринде мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн (мындай кызматтар жок же төмөн аймактарда) жакшыртуу. Ал айыл өкмөттөргө таандык имараттардын базасында 20 миң баланы камтыган кыска мөөнөттүү (3 сааттык) 500 жамааттык бала бакчаны түзүү аркылуу ишке ашат. Бир жамааттык бала бакча нөөмөтүнө жараша 50дөн 100гө чейинки баланы камтыйт. 3-5 жаштагы балдарга өнүктүрүү, окутуу жана социалдаштыруу кызматтары көрсөтүлөт, тамак жана уйку болбойт.

 

 

Мындай формат экономикалык жактан пайдалуу, эффективдүү жана Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамына бала бакчанын бир формасы катары киргизилген. Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга дидактикалык материалдар жана оюндар берилет, санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт.

 

 

Подкомпонент 1.2: Мугалимдердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу

Подкомпоненттин максаты – мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана орто мектептердин мугалимдеринин потенциалын кесиптик өнүктүрүүнүн заманбап моделдеринин жардамында көтөрүү. Башталгыч жана орто мектептердерде окутуу натыйжалуу болуш үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программасы негизги компетенцияларды жана санариптик сабаллуутукту өнүктүрүүгө багытталат. Мугалимдер онлайн-режимде санариптик версиясын колдонуу аркылуу окуш үчүн бул программалар санариптик форматта иштелип чыгат.

 

 

Подкомпонент 1.3: Технологиялардын жардамында окуу процессин колдоо

Подкомпоненттин максатыокуу процессинде санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдаланыш үчүн мугалимдердин потенциалын бекемдөө. Ал ресурстар жаңы окуу программасына шайкеш келип, кыргыз жана орус (70% жана 30%) тилдериндеги жаңы китептерди толуктайт (башталгыч жана орто мектептерде математика жана табигый-илимий сабактарга (физика, химия, биология) фокус коюу менен бардык предметтер үчүн санариптик форматтагы кошумча окуу материалдарын иштеп чыгуу, адаптациялоо, которуу). 1 200 мектепти санариптик китепкана класстары (15 компьютер, 1 проектор, 1 UPS) жана жана 1200 мектептин ар бирин 6 мультимедиа класстары менен камсыздоо.

 

 

Подкомпонент 1.4: Окуу процессиинин жыйынтыктарын өлчөө системасын жакшыртуу

Подкомпоненттин максаты – окуу процессинин жыйынтыктарын өлчөө системасын мындан анык өнүктүрүүнү камсыздоо жана балдарды окутуунун жыйыныктарын когнитивдик жана когнитивдик эмес көндүмдөрүн (гендердик тиешелүүлүнү боюнча ажыратып) баалоо потенциалын өстүрүү. Баштагыч мектепте окугандардын социалдык-эмоциаоналдык көндүмдөрүн баалоону өткөрүү (пилоттук негизде). 4- жана 8-класста окугандардын билим жетишкендиктерин Улуттук тандалма баалоону өткөрүү. PISA-2025ке (Programme for International Student Assessment) катышуу.

 

Компонент 2: Жыйынтыктарга жетүү үчүн ишке ашырууну башкаруу

 

Подкомпонент 2.1 Ишке ашырууну колдоо

Бул подкомпоненттин максаты - техникалык жана фидуционардык колдоону координациалоо, анын ичинде мониторинг, баалоо жана отчеттуулук.

 

Подкомпонент 2.2: Баалоо

Долбоордун таасирин аныктоо үчүн анын негизги эки иш чарасын объектилерди топторго эркин бөлүштүрүү аркылуу баалоо жүргүзүлөт. Бул баалоолордун бири долбоор колдоп жаткан жамааттык бала бакчалалардагы мектепке чейинки билим берүү программасы балдардын өнүгүшүнө канчалык өбөлгө түзүп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Экинчи баалоо долбоордун иш чаралары (мисалы, санариптик контент камтылган ИТ-платформа жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу) класстагы окуу процесин жакшыртууга канчалык жардам бергенин аныктоого мүмкүндүк берет. Эки баалоо тең эркин тандоо ыкмасы менен өткөрүлөт. "Таасир этүү тобуна" долбоорго баштапкы статияда кошулган мекемелер, ал эми "көзөмөл тобуна" долбоорго кийинчерээк кошулган мекемелер кирет. Жамааттык бала бакчаларды жана мугалимдерди баалоо эрте өнүктүрүүнү өлчөө инструментин жана CLASS инструментин колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.

 

Подкомпонент 2.3: Жарандык коомдун катышуусу

Жарандык коом долбоордун алкагындагы бардык иш чараларды ишке ашырууга катышат. Бул үчүн ата-энелерди жана жамаат мүчөлөрүн тартуу мехнаизмдерди колдонулат. Жарандык коом менен иштөө өз ичине: (1) ата-энелер үчүн маалыматты даярдоону; (2) атайын баалоо карталары аркылуу жамаатты мониторингге алууну камтыйт. Азыркы учурда ата-энелер үйлөрүнө мугалимдер келгенде (үч чарбаларынан такай кабар алуу) же мектептеги атайын иш чараларда өз комментарийлери жана каалоорору менен бөлүшсө болот. Долбоор бул механизмди жамааттык бала бакчаны ачууга кызыгуусун билдирген  жергиликтүү тургундарга жана өзүн-өзү башкаруу органдарына ДВО тууралуу айтып берүү үчүн колдонот. Долбоор ата-энелер жана жергиликтүү тургундарга атайын маалыматтарды даярдайт, анын алкагында алар коомдук мониторинг жүргүзө алышат.

Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы - /media/uploads/2021/10/26/xnpqjy.docx

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар