Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн баалоо өттү

Көрүлдү: 0

2018-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Кыргызстанды 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекиткен. Стратегиянын негизги максаты – билим берүү жана жогорку өндүрүмдүү сапаттагы жумуш орундарын түзүү менен адам капиталын өнүгүүсүнө шарт жаратуу.

post.title

 

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору жогорку даражадагы компетенцияларды, анын ичинде социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү изилдөөнү стимулдаштыруу аркылуу Улуттук стратегиянын максаттарына жетүүгө салым кошот.

 

Социалдык-эмоционалдык көндүмдөр деген эмне?

 

Социалдык-эмоционалдык көндүмдөр (СЭК) – адамдарга төмөнкү көндүмдөрдү берет:

  • өзүнүн эмоциясын таанып-билүү жана аны башкаруу
  • чыр-чатактарды ийгиликтүү чечүү
  • позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо
  • башкалардын көйгөйүнө тилектеш болуу, түшүнүү
  • позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, этиканы сактоо, алардын жамаатына конструктивдүү салым кошуу
  • жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу жана оор кырдаалдарды чечүү

 

23-ноябрда Бишкек шаарындагы эки мектептин базасында (№10 жана №46) окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн  4- жана 8-кластар арасында социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн баалоо каражатынын апробациясы өткөрүлдү. Баары болуп тестирлөөгө 184 окуучу, 12 мугалим жана мектептердин жетекчилиги катышты. Бул изилдөө өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп, алгачкы жолу санариптик форматта, планшеттердин жардамында өттү.

 

СЭК изилдөө - окуучунун социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүнүн калыптанышына жана өсүшүнө таасир этүүчү мүнөздөмөлөрдү жана контексттик факторлорду андан ары түшүнүүгө багытталган демилге. Тестирлөө окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн дароо аныктап, мектепте жана башка жерлерде бул көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берген же тоскоолдук кылган негизги факторлорду баалайт.

 

Белгилей кетсек, изилдөө окуучулардын когнитивдик көндүмдөрүн текшербейт. Бул инструмент “Чоң бештик” (Чоң бештик  - адамдардын бири-бирине болгон көз карашын чагылдыруучу диспозициалык модель. Анын негизинде адамдын өзгөчөлүктөрүн оозеки сыпаттоолордун фактордук анализин колдонгон лексикалык ыкма жатат) моделинин домендерине негизделген жана 2 бөлүктөн турат:

СЭК изилдөөсүнүн пилоттук баалоосун өткөрүүгө даярдык көрүү максатында эл аралык консультант Сид Динлемеза менен биргеликте окутуу семинарлары уюштурулган.

Инструмент жергиликтүү консультанттардын жардамында адаптацияланган. Жумушчу топтун талкуу жана сунуштарынын негизинде ал толукталып, апробацияга даярдалган. Апробациядан кийин инструментке дагы толуктоо киргизилет.

2022-жылдын декабрь айында долбоордун алкагындагы пилоттук тестирлөө жүргүзүлөт. Ага Чүй областындагы окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргөн 42 мектептин 4- жана 8-класстарынын окуучулары катышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар