"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектептер кластердик мектептер менен кызматташууну күчөтүүдө

Көрүлдү: 0

Долбоорго кирген инновациялык мектептер кластердик мектептер менен өз ара кызматташууну илгерилетүүнү улантууда.

post.title

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин ар бирине жакын аймакта жайгашкан 3–4 кластердик мектеп бекитилген. Долбоордун алкагында инновациялык мектептер кластердик мектептерге башкаруучулук жана методикалык колдоо көрсөтүп, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Бул максатта мектеп администрациялары долбоордун адистери тарабынан уюштурулган окутуулардан өтүп, тажрыйба алмашуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн шарттар түзүлүүдө. Натыйжада билим берүү уюмдарынын ортосунда туруктуу тармактык байланыштар калыптанууда.

Мындай кызматташуунун мисалы катары 9-апрелде Чүй облусуннун Сокулук районундагы К. Шопоков атындагы №3 жалпы билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде өткөрүлгөн семинарды белгилөөгө болот. Иш-чарага жалпы 6 кластердик мектептин өкүлдөрү катышып, билим сапатын жогорулатуу жана мугалимдин кесиптик стандарты маселелери талкууланды.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:
– билимди баалоонун заманбап куралдары;
– мугалимдин кесиптик өнүгүү модели;
– окутууда жаңы технологияларды колдонуу.

Мындай иш-чаралар инновациялык мектептердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтууга, кластердик мектептер менен өз ара кызматташууну бекемдөөгө жана билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар