"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"

Көрүлдү: 135

Долбоор тууралуу

 

                       "Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору

Долбоордун максаты - мектептик системанын ишин жакшыртуу, өзгөчө илим, технология, инженерия жана математика (STEM) тармактарына басым жасап, педагогика боюнча жогорку билим берүүнү реформалоо, жана мунун негизинде келечекте билим алуу жана ишке орношуу үчүн предметтик билимдери жана компетенциялары бар бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.

Долбоор 2018-2040-жылдарга карата улуттук өнүгүү Стратегиясын, 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү Программасын жана 2026-жылга чейин Улуттук программаны ишке ашырууга жардам берет. Бул билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, башкарууну жакшыртуу жана бүткүл өлкө боюнча инновациялык мектептерди түзүү аркылуу ишке ашат. 

Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:

📌Стандарттардын сапатын жана актуалдуулугун жогорулатуу, дисциплиналар аралык мамилеге басым жасоо;

📌Мугалимдерди даярдоонун жана окутуунун сапатын жакшыртуу;

📌Инновациялык мектептердин тармагын бекемдөө.

Долбоордун алкагында 23 инновациялык мектеп жана Кыргыз билим берүү академиясы модернизацияланат, STEM дисциплиналары үчүн жабдуулар жаңыланат, ошондой эле 220 кластердик мектеп лабораториялар менен жабдылат.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар