Көрүлдү: 0
Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Башкаруу моделдери жана тармактык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу» темасында офлайн семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, шаардагы кластердик мектептер — №1, №2, №3, №4 жана №9 жалпы билим берүүчү мектептердин администрациялары, усулдук бирикме жетекчилери жана №73 кесиптик лицейдин өкүлдөрү катышты.
Семинардын максаты — билим берүү уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү, тармактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана STEM багытындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Иш-чаранын жыйынтыгында 15 адамдан турган Координациялык кеңеш түзүлүп, 2025–2026-окуу жылынын IV чейрегине карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды. Ошондой эле 2026–2027-окуу жылына карата биргелешкен календардык план иштелип чыкты.
Мындай форматтагы иш-чаралар инновациялык мектептердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтууга, билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, аталган мектеп долбоорго кирген 53 мектептин бири болуп саналат.