"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Ат-Башы районунда кластердик мектептер үчүн семинар өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы инновациялык Ой-Терскен мектебинде кластердик мектептер үчүн окутуу семинары уюштурулду. Иш-чарага төрт мектептин директорлору, директордун орун басарлары, ошондой эле мектептердин инновациялык топторунун өкүлдөрү катышты.

post.title

Семинарга төмөнкү кластердик билим берүү мекемелери катышты:
— Мамбеталиев атындагы мектеп
— Карыбек уулу Акматааалы атындагы мектеп
— Ч. Асеков атындагы мектеп
— Жанаалы уулу Абдрахман атындагы мектеп

Семинардын жүрүшүндө билим берүү процессин өнүктүрүүгө жана мектептер аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда, инновациялык мектептин алкагында тармактык өз ара аракеттенүү боюнча кеңири маалымат берилип, кластердик мектептердин ишин координациялоочу кеңеш түзүлдү. Ошондой эле алдыдагы иштерди системалуу жүргүзүү максатында биргелешкен иш планы иштелип чыкты.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн кесиптик стандарттар боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү. Тренингдин алкагында мугалимдердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тажрыйба алмашып, келечектеги кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты. Мындай семинарлар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүү системасында инновацияларды жайылтууда маанилүү роль ойнойт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар