"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте кластердик мектептердин жолугушуусу өттү

Көрүлдү: 0

Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп — Тоң райондогу 27 мектептин ичинен жалгыз инновациялык мектеп макамын алган билим берүү мекемеси. Мектеп "Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо" долбооруна кирген өлкөдөгү 53 мектептин бири. Бүгүн, 8-апрелде бул мектептин базасында кластердик мектептердин жолугушуусу уюштурулду.

post.title

Семинарга райондогу кластердик мектептер катышты: Т. уулу, Шамей, Б. Мамбетов жана К. Тайлаков атындагы мектептердин өкүлдөрү жолугушууга келип, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессин жакшыртуунун жаңы идеяларын талкуулаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү, окуу программаларын жаңылоо, ошондой эле мектептин өнүгүү планынын стратегиялык багыттарын түзүү маселелери каралды. Катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолдорун аныкташты.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында кызматташууну бекемдөө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган кийинки жолугушуулар пландалды. Мектеп жетекчилиги жана катышуучулар мындан аркы иш-аракеттерди натыйжалуу уюштуруу максатында биргелешкен стратегиялык документтерди даярдоону караштырууда.

Жолугушууга катышкан бардык мектептерге активдүү катышуусу жана билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирилди. Мындай жолугушуулар мугалимдердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу жана инновациялык билим берүү практикасын кеңейтүү үчүн маанилүү болуп эсептелет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар