Көрүлдү: 0
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстардын мугалимдери үчүн тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар боюнча кеңири маалыматтар берилди:
Мугалимдер топтордо иш алып барып, талкуу жүргүзүшүп, өз ойлорун презентациялашты.
Ошондой эле тренингдин алкагында долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда педагогикалык жамааттын ролу абдан чоң экени белгиленди. Белгилей кетсек, аталган мектеп инновациялык окуу жайы катары долбоордун адистери уюштурган окутууларга жигердүү катышууда. Ошону менен бирге, мектеп администрациясы алган билимдери менен көндүмдөрүн мектеп мугалимдери менен гана эмес, кластердик мектептер менен бөлүшүп турат. Ошентип, тармактык өз-ара байланыш түзүлүүдө.
Ал эми «Биз долбоорду ишке ашырууга даярбыз!» деген ураан менен өткөн иш-чарада бардык мугалимдер активдүү катышып, өздөрүнүн демилгесин жана кызыгуусун көрсөтүштү.