"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Тармактык өз ара аракеттенүү: инновациялык мектепте семинар өттү

Көрүлдү: 0

Төртүнчү апрелде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругунун жана «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М. Карбышев атындагы №1 инновациялык мектеп тарабынан «Тармактык өз ара аракеттенүү» темасында офлайн форматта семинар өткөрүлдү.

post.title

Семинарга шаардагы 5 кластердик мектептин (#4, 5, 6, 7, 8 мектептери) администрациялары, STEM предметтеринин мугалимдери, ошондой эле №7 жана №70 кесиптик лицейлердин өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты — билим берүү уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү, тармактык кызматташууну өнүктүрүү жана STEM багытындагы окутуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Мындай иш-чаралар мектептердин өз ара байланыштарын бекемдеп, инновациялык ыкмаларды жайылтууга жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жыйынтыгында 15 курамдан турган Координациялык кеңеш түзүлүп, 2025–2026-окуу жылынын IV чейрегине карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленди. Мындан тышкары, 2026–2027-окуу жылына карата биргелешкен иш-чаралар боюнча календардык план иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, долбоордун адистери тарабынан 53 инновациялык мектептин жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери үчүн «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» аттуу 72 сааттык онлайн-окутуу өткөрүлүүдө.

Курстун негизги максаты — билим берүү реформаларын сапаттуу ишке ашырууга жөндөмдүү, кесиптик тармактарда кызматташтыкты өнүктүрө алган жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган мектеп лидерлеринин коомчулугун калыптандыруу.

Окутуунун алкагында инновациялык мектептердин өкүлдөрү алган билимдери жана көндүмдөрү менен кластердик мектептер менен бөлүшүп, ар кандай семинар-окутууларды уюштурушат.

«Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар